00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:59
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Налоговые поправки в Кыргызстане: что изменится для бизнеса?
10:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер үчүн check-up: долбоор ооруларды эрте аныктоого жардам береби?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
On air
12:07
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
19 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Молдалиев: күчтүү армия — курал гана эмес, жоокерге болгон камкордук

Молдалиев: күчтүү армия — курал гана эмес, жоокерге болгон камкордук
Жазылуу
Коноктор
Сатыбек Молдалиев, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник
Армияны саясатташтырууга болбойт. Армия — күчтүү, тартиптүү жана тайманбас болушу керек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз армиясы өзгөрүп, жакшы деңгээлге көтөрүлүп жатат. Аскер кызматкерлери чек арабызды көздүн карегиндей сактап, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда.
“Баткен окуяларына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш аяктагандан бери көтөрүлүп, ушул күнгө чейин толук чечилбей келет. Курман болгон жоокерлердин артында үй-бүлөлөрү, баласынан айрылган ата-энелери, өмүрлүк жарын жоготкон аялдары калды. Алардын тагдырына мамлекет жетиштүү көңүл бурду деп айта албайм. Саясатчылар убада берип, бирок ошол убадалардын көбү аткарылбай калды. Мисалы, курман болгон командирдин жубайына бир бөлмөлүү батир берилген. Бүгүнкү күндө балдары чоңоюп калса да, ошол эле батирде жашап келишет. Атасыз калган балдардын көбүнүн билим алуусуна, татыктуу келечек куруусуна шарт түзүлгөн жок. Балким, атасы тирүү болгондо, алардын жашоосу таптакыр башкача болмок. Айрымдары Россияга мигрант болуп кетүүгө аргасыз болду. Жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында ай сайын миң сомдон акча берилет. Бирок бул каражат балдарды окутууга, алардын күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылууга жетпейт. Баласынан айрылган ата-энелер да жыл өткөн сайын карып, ден соолугу начарлап, 70–80 жашка чыгып калышты. Аларга да өзгөчө көңүл буруп, социалдык жана медициналык жардам көрсөтүү зарыл. Мындан тышкары, Баткен окуяларынын кесепетинен майып болуп калган, ден соолугунан ажыраган согуштун катышуучулары бар. Аларга бир жолку жардам эмес, үзгүлтүксүз медициналык тейлөө, реабилитация жана татыктуу жашоого шарт керек. Мындай мамиле бүгүнкү жана келечектеги жоокерлерди да ойлондурушу мүмкүн. Алар: "Биз мекенибиз үчүн кан-жаныбызды аябай күрөшүп, керек болсо өмүрүбүздү берип жатабыз. Бирок бизден кийин үй-бүлөбүздүн тагдыры кандай болот? Биз эмне үчүн курман болдук — ай сайын берилген миң сом үчүнбү?" — деген суроолорду бериши толук мүмкүн. Өз армиябызды бүгүн колдобосок, эртең башка мамлекеттин армиясын каржылаган абалга жетип калышыбыз мүмкүн. Анткени күчтүү армия курал-жарак менен гана эмес, мамлекеттин жоокерине болгон камкордугу жана ишенимдүү колдоосу менен да күчтүү”, — деди Молдалиев.
Ал азыркы учурда келечекте үмүттөндүргөн, мекенчилдик сезими күчтүү, элин-жерин сүйгөн, өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылууга даяр жаштарыбыз көп экенин кошумчалады.
Эске салсак, 26-октябрь — Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү күнү — куралдуу салгылашка 27 жыл болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0