https://sputnik.kg/20261026/1104514016.html
25 учак, 6 авиакомпания: Кыргызстан аба каттамдарын кеңейтип, авиациялык хабга айлана алабы?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жарактуу эксплуатант сертификатына ээ болгон алты авиакомпания иш алып барууда. Алардын бешөө жүргүнчүлөрдү, бирөө жүк ташуу кызматын көрсөтөт... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T09:04+0600
2026-10-26T09:04+0600
2026-10-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104513846_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_18ac9e6e456f8e18e9e187a07b7205f2.jpg
25 учак, 6 авиакомпания: Кыргызстан аба каттамдарын кеңейтип, авиациялык хабга айлана алабы?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жарактуу эксплуатант сертификатына ээ болгон алты авиакомпания иш алып барууда. Алардын бешөө жүргүнчүлөрдү, бирөө жүк ташуу кызматын көрсөтөт. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдирди.Анын айтымында, Кыргызстандын авиапаркында учууга жарактуу 25 учак бар.“Учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууда. Авиакомпаниялардын саны мындан ары да өсөт деп күтүлүүдө. Бирок алардын ишмердүүлүгү белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Ошондой эле Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Эл аралык эксперттер өлкөдө учуу коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү тутумунун натыйжалуулугуна жана аны өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга баа беришти. Мындан тышкары, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги EMPIC санариптик системасын киргизүүдө. Бул система сертификациялоо жана көзөмөлдөө процесстерин автоматташтырууга, маалыматтарды бир борборго топтоого, инспекторлордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга мүмкүндүк берет”, — деди Төлөгөнов.Ал кийинки жылы "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Airbus A321 учагын алып келгенден кийин биринчи жолу Германияга, бизнес-класс менен түз аба каттамын ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104513846_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d38fde8d7f898514cf26b0d2169e256e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
25 учак, 6 авиакомпания: Кыргызстан аба каттамдарын кеңейтип, авиациялык хабга айлана алабы?
09:04 26.10.2026 (Жаңыртылды: 09:16 26.10.2026) Коноктор
Канат Төлөгөнов, Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары