https://sputnik.kg/20261026/1104525618.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин курулуш эрежелерин россиялык компания иштеп чыгатКремль Европага газ сатуунун шартын атадыБорбоор калаада 28-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T15:00+0600
2026-10-26T15:00+0600
2026-10-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104525452_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8085f681f85fd67e15f1010351f7ebb5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин курулуш эрежелерин россиялык компания иштеп чыгатКремль Европага газ сатуунун шартын атадыБорбоор калаада 28-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт
Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган.Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске салды. "Акыркы беш күндө, анын ичинде эртеңки күндү да эсептегенде, абанын орточо температурасы 6,5 градусту түзүүдө. Ошондуктан 28-октябрдан тарта жылуулук беребиз", — деди калаа башчы. Ошондой эле ал абанын температурасы жогорулап кетсе да жылытуу токтотулбай турганын белгиледи.
Кыргызстанда балдарга жылына 100дөн ашык онкологиялык операция жасалып, мурда өлкөдө мүмкүн болбогон татаал хирургиялык дарылоо ыкмалары колдонула баштады. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы, онколог Султан Стамбеков Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы жана гематологиясын дарылоого арналган дүйнөлүк саммиттин алкагында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда балдар онкологиясы кызматын өнүктүрүүдө бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурда өлкөдө балдар онкологиясы боюнча бир гана адис иштесе, азыр алардын саны 15тен ашты“Балдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн керебет-орундардын саны көбөйтүлдү. Буга чейин онкология борборунда 20 орундуу чакан бөлүм иштесе, учурда Жал кичи районундагы бейтапканада ар бири 35 орунга ылайыкталган эки бөлүм бар. Мындан тышкары, Ош шаарындагы балдар ооруканасында 20 орундуу онкология бөлүмү иштейт”,- деди дарыгер. Стамбеков белгилегендей, мурда айрым лабораториялык анализдерди жүргүзүү үчүн бейтаптарды Алматыга же Россияга жөнөтүүгө туура келчү. Азыр өлкөгө жаңы лабораториялык жабдуу алынып берилип, мындай изилдөөлөрдү жергиликтүү шартта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Россиянын "Перспективдүү шаар куруу илимий-изилдөө институту" Бишкектин жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле шаарды деталдуу пландаштыруу долбоорлорун иштеп чыгат. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ эки жыл бою күчүндө болот. Ага ылайык, Бишкек мэриясына аталган мекеме менен тиешелүү келишим түзүү жана документтерди иштеп чыгууга байланыштуу башка зарыл чараларды көрүү сунушталды. Ошондой эле Курулуш министрлигине бул иштерди жүзөгө ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү, анын ичинде долбоорлоо тапшырмасын даярдоого жардам берүү милдети жүктөлдү.
Эгерде европалык өлкөлөр кызыкса, Россияда ашык баш көлөм болсо, Москва газ берүү маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине билдирди. "Европа бизден газ алууну азайтканда, биз аны башка өлкөлөргө көбүрөөк сата баштадык. Эгер Батыш кайра газ алгысы келсе, ошол учурда бизде ашыкча газ боло турган болсо, сүйлөшүп көрсөк болот", — деди Песков. Ошол эле учурда ал ашыкча газ дайым эле боло бербесин айтты. Бул билдирүүнүн алдында Владимир Путин ЕБ өлкөлөрү Россиянын энергоресурстарынан баш тартканын жарыялаганы менен дагы эле олуттуу көлөмдө алып жатканын билдирген. Президенттин айтымында, Россиянын суюлтулган жаратылыш газы Европа рыногунун 20 пайызын камсыздайт.
Бишкектин курулуш эрежелерин россиялык компания иштеп чыгатКремль Европага газ сатуунун шартын атадыБорбоор калаада 28-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайтБишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган.Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске салды. "Акыркы беш күндө, анын ичинде эртеңки күндү да эсептегенде, абанын орточо температурасы 6,5 градусту түзүүдө. Ошондуктан 28-октябрдан тарта жылуулук беребиз", — деди калаа башчы. Ошондой эле ал абанын температурасы жогорулап кетсе да жылытуу токтотулбай турганын белгиледи.Кыргызстанда балдарга жылына 100дөн ашык онкологиялык операция жасалып, мурда өлкөдө мүмкүн болбогон татаал хирургиялык дарылоо ыкмалары колдонула баштады. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы, онколог Султан Стамбеков Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы жана гематологиясын дарылоого арналган дүйнөлүк саммиттин алкагында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда балдар онкологиясы кызматын өнүктүрүүдө бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурда өлкөдө балдар онкологиясы боюнча бир гана адис иштесе, азыр алардын саны 15тен ашты“Балдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн керебет-орундардын саны көбөйтүлдү. Буга чейин онкология борборунда 20 орундуу чакан бөлүм иштесе, учурда Жал кичи районундагы бейтапканада ар бири 35 орунга ылайыкталган эки бөлүм бар. Мындан тышкары, Ош шаарындагы балдар ооруканасында 20 орундуу онкология бөлүмү иштейт”,- деди дарыгер. Стамбеков белгилегендей, мурда айрым лабораториялык анализдерди жүргүзүү үчүн бейтаптарды Алматыга же Россияга жөнөтүүгө туура келчү. Азыр өлкөгө жаңы лабораториялык жабдуу алынып берилип, мындай изилдөөлөрдү жергиликтүү шартта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.Россиянын "Перспективдүү шаар куруу илимий-изилдөө институту" Бишкектин жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле шаарды деталдуу пландаштыруу долбоорлорун иштеп чыгат. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ эки жыл бою күчүндө болот. Ага ылайык, Бишкек мэриясына аталган мекеме менен тиешелүү келишим түзүү жана документтерди иштеп чыгууга байланыштуу башка зарыл чараларды көрүү сунушталды. Ошондой эле Курулуш министрлигине бул иштерди жүзөгө ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү, анын ичинде долбоорлоо тапшырмасын даярдоого жардам берүү милдети жүктөлдү.Эгерде европалык өлкөлөр кызыкса, Россияда ашык баш көлөм болсо, Москва газ берүү маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине билдирди. "Европа бизден газ алууну азайтканда, биз аны башка өлкөлөргө көбүрөөк сата баштадык. Эгер Батыш кайра газ алгысы келсе, ошол учурда бизде ашыкча газ боло турган болсо, сүйлөшүп көрсөк болот", — деди Песков. Ошол эле учурда ал ашыкча газ дайым эле боло бербесин айтты. Бул билдирүүнүн алдында Владимир Путин ЕБ өлкөлөрү Россиянын энергоресурстарынан баш тартканын жарыялаганы менен дагы эле олуттуу көлөмдө алып жатканын билдирген. Президенттин айтымында, Россиянын суюлтулган жаратылыш газы Европа рыногунун 20 пайызын камсыздайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104525452_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_50f0c9113a0e376c724664109e78ba1d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио