https://sputnik.kg/20261027/1104549829.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 72%га өстүПутин Финляндия жана Норвегия лидерлери менен украин маселесин талкууладыКыргызстанда басылган 20 жана 50... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T19:00+0600
2026-10-27T19:00+0600
2026-10-27T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104549663_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8752ded985849c357b0828ce51b34218.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 72%га өстүПутин Финляндия жана Норвегия лидерлери менен украин маселесин талкууладыКыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыкты
Кыргызстандын Улуттук банкы өлкө ичинде басылып чыккан улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы банкнотторун жүгүртүүгө чыгарды.Бүгүндөн тарта накталай айлантууга кошулган жаңы акча каражаттарынын коргоо элементтери заманбап эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Улуттук банктан белгилешкендей, жаңы үлгүдөгү банкноттор жасалма акча жасоодон коргоочу көп баскычтуу заманбап элементтер менен жабдылган жана алар өлкө аймагында расмий төлөм каражаты катары чектөөсүз колдонулат. Мурда жүгүртүүдө жүргөн банкноттор да өзүнүн мыйзамдуу төлөм күчүн толук сактап калат.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 710 миллион доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 147,2 миллион долларга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициянын өсүшү боюнча 183 миллион доллар менен Россия алдыда. Ал жактан келген каражат былтыркыга салыштырмалуу 72 пайызга көбөйгөн. Чет өлкөлүк инвестициялардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Россияга туура келет. Бир жыл мурда анын үлүшү 19 пайыз болчу. Каражат негизинен өнөр жайга, кен казууга жана соодага жумшалган. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга эң көп инвестиция салган. Ал эми жалпы тизмеде 204 миллион доллар салган Кытай сап башында, каражат 37,3 миллион долларга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө Казакстандан келген инвестиция да кыйла өскөн. Ал жактан 84 миллион доллар салынып, былтыркыдан 20,1 миллион долларга көп болгон.
Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында индиялык атаандашы Кажал Кажалга 7:10 эсебинде утулду. Үчүнчү орун үчүн беттеш эртең Астана шаарында өтөт.
Россия лидери Владимир Путин Финляндия президенти Александр Стубб жана Норвегиянын премьери Йонас Гар Стере менен телефондон сүйлөшкөнүн Кремль кабарлады.Путин Евробиримдик менен НАТОнун касташкан саясатын белгилеп, мындай жагдай согушту создуктуруп жатканын айткан. Мындан тышкары, РФ лидери Стубб менен Стерени Алешек аймагындагы гуманитардык операциянын башталышы тууралуу кабардар кылып, Херсон багытында убактылуу тынчтык режими өкүм сүрүп жатканын кошумчалады. Тараптар Балтика деңизи менен Европанын түндүгүндө коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулашкан. Баарлашуунун жыйынтыгы менен телефон сүйлөшүүлөрүн мындан ары да улантууну макулдашышты. Путин менен сүйлөшүү жүргөнүн фин президентинин канцеляриясы да кабарлады. Андан кийин Стубб жана Стере Владимир Зеленский менен байланышкан. Белгилей кетсек, мындан туура бир апта мурун Ослодо АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф, Владимир Зеленский жана Финляндия президенти менен Норвегия премьери болуп абалды жөнгө салуу маселеси талкууланган. Аларга аралыктан Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кошулган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 54 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы28-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +9...+14 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14...+16, Ош шаарында +20...+22 градуска жылуу болот.
Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 72%га өстүПутин Финляндия жана Норвегия лидерлери менен украин маселесин талкууладыКыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыКыргызстандын Улуттук банкы өлкө ичинде басылып чыккан улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы банкнотторун жүгүртүүгө чыгарды.Бүгүндөн тарта накталай айлантууга кошулган жаңы акча каражаттарынын коргоо элементтери заманбап эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Улуттук банктан белгилешкендей, жаңы үлгүдөгү банкноттор жасалма акча жасоодон коргоочу көп баскычтуу заманбап элементтер менен жабдылган жана алар өлкө аймагында расмий төлөм каражаты катары чектөөсүз колдонулат. Мурда жүгүртүүдө жүргөн банкноттор да өзүнүн мыйзамдуу төлөм күчүн толук сактап калат.Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 710 миллион доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 147,2 миллион долларга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициянын өсүшү боюнча 183 миллион доллар менен Россия алдыда. Ал жактан келген каражат былтыркыга салыштырмалуу 72 пайызга көбөйгөн. Чет өлкөлүк инвестициялардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Россияга туура келет. Бир жыл мурда анын үлүшү 19 пайыз болчу. Каражат негизинен өнөр жайга, кен казууга жана соодага жумшалган. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга эң көп инвестиция салган. Ал эми жалпы тизмеде 204 миллион доллар салган Кытай сап башында, каражат 37,3 миллион долларга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө Казакстандан келген инвестиция да кыйла өскөн. Ал жактан 84 миллион доллар салынып, былтыркыдан 20,1 миллион долларга көп болгон.Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында индиялык атаандашы Кажал Кажалга 7:10 эсебинде утулду. Үчүнчү орун үчүн беттеш эртең Астана шаарында өтөт.Россия лидери Владимир Путин Финляндия президенти Александр Стубб жана Норвегиянын премьери Йонас Гар Стере менен телефондон сүйлөшкөнүн Кремль кабарлады.Путин Евробиримдик менен НАТОнун касташкан саясатын белгилеп, мындай жагдай согушту создуктуруп жатканын айткан. Мындан тышкары, РФ лидери Стубб менен Стерени Алешек аймагындагы гуманитардык операциянын башталышы тууралуу кабардар кылып, Херсон багытында убактылуу тынчтык режими өкүм сүрүп жатканын кошумчалады. Тараптар Балтика деңизи менен Европанын түндүгүндө коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулашкан. Баарлашуунун жыйынтыгы менен телефон сүйлөшүүлөрүн мындан ары да улантууну макулдашышты. Путин менен сүйлөшүү жүргөнүн фин президентинин канцеляриясы да кабарлады. Андан кийин Стубб жана Стере Владимир Зеленский менен байланышкан. Белгилей кетсек, мындан туура бир апта мурун Ослодо АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф, Владимир Зеленский жана Финляндия президенти менен Норвегия премьери болуп абалды жөнгө салуу маселеси талкууланган. Аларга аралыктан Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кошулган. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 54 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы28-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +9...+14 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14...+16, Ош шаарында +20...+22 градуска жылуу болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104549663_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_478c7401c62293730638f2bd011239d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио