00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Если разобраться...
Безработные есть. Работников не хватает. Где тогда проблема?
12:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арчага 577 миң турист келди: паркта 5*мейманкана, айнек көпүрө ишке берилет
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое социальные институты — беседа о социологии
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуулук насосторуна жеңилдетилген насыяны кимдер алат жана шарттары кандай?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Диалог через науку: АлтГУ и Кыргызстан укрепляют академические связи»
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Налоговая среда для IT-бизнеса: что привело Кыргызстан к первому месту в рейтинге?
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Спутник над Кыргызстаном: зачем стране собственные космические технологии
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр: жеке коргонуу каражаттарын үч категориядагы кызматкерлер киет

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов
Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жеке коргонуу каражаттарын үч топтогу адамдар биринчи кезекте кийиши керектигин билдирди.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Коронавирусту алдын алуу үчүн жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) кайсы жакта иштеген медиктер кийиши керектигин саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтып берди.

Ага журналисттер "Кыргызстанда вирус чыккандан бери жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги айтылып келет. Аны кимдер кийиши керек?" деген суроо узатышкан.

Министр ЖККны таратуу үч бөлүккө бөлүнгөнүн билдирди.

"Биринчи кезекте жугуштуу оорулар менен байланышта болгон дарыгерлер, медайымдар, санитарлар жана вирусологиялык лабораторияда иштегендер киет. Алар атайын бет каптар менен комбинезонду кийишет. Экинчи учурда обсервацияда тургандарга, чек арадагыларга берилет. Үчүнчү орунда мобилдик бригадалар. Алардын кайсы дарыгер эмне кийиши керек деген өзүнүн стандарттары бар. Бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттары жетиштүү. Оорунун очогунда иштегендерди үзгүлтүксүз камсыздап турууга аракет кылабыз", — деди министр.

Брифингдин алып баруучусу "поликлиникада иштегендер дагы мындай каражаттардын жоктугуна нааразы болуп келишет" деген толуктоосуна министр "аларга кооптонууга негиз жок" деп жооп берген.

Чартерный рейс из Новосибирска в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөн кайткан кыргызстандыктардын экөө вирус ала келди
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665ке жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0