Sputnik Кыргызстан агенттиги Казакстан экспорттоого тыюу салган продукциялар буга чейин Кыргызстанга канча көлөмдө кирип турганын Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтарын карап чыгып аныктады.
Казакстан гречка, ун, кумшекер, картошка, айрым жашылча түрлөрүн жана күн карама майын сыртка ташууга тыюу салганы 22-мартта белгилүү болду. Бул чаралар Казакстандын ички рыногун толтуруу үчүн жасалды.
ЕЭКтин маалыматына караганда, Казакстан унунун сатылбай калышынан көбүнесе кыргызстандыктар запкы тартат. 2019-жылы Кыргызстанга 70 миң тонна казак уну кирген. Бул ар бир кыргызстандык үчүн айына 903 граммдан туура келет дегенди түшүндүрөт.
Мындан сырткары, Кыргызстандын жашоочулары Казакстандын суу майын дагы колдонуп келет. Өткөн жылы Кыргызстанга 14 миң тонна кирген.
Ал эми калган продукциялардын келбей калганын кыргызстандыктар сезбейт деле. Себеби алардын ташылып кирген көлөмү ансыз деле аз.