Путин Sputnik Эстония журналисттерине жасалган мамиле тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин бул жаатта бир нече учурларга токтолуп, мындай окуя коомчулуктун көңүл сыртында калбай тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Sputnik Эстония агенттигине карата жергиликтүү бийликтин кысымы тууралуу айтып жатып, журналисттердин маалыматынан корккон өлкөлөрдө иштөө үчүн медиа өкүлдөрүнө жакшылап шарт түзүп берүү керектигин айтты.

Суроону Путиндин Москва шаарында жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынында Sputnik Эстония агенттигинин журналисти Елена Черышева берип, президенттин бул абалга баа берүүсүн суранды.

"2-январдан тарта "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен эмгек келишимин токтотпосок, бизге санкция колдонулат. Бул өздөрүн демократиялык өлкө дегендер үчүн ойго келбеген нерсе. Россия Батыштагы цензура менен күрөшүп жаткан россиялык журналисттер үчүн эмне кылып жардам бере алат? Эстон бийлигинин бул кылыгына баа берүүңүздөрдү суранабыз", — деди Черышева.

Путин бул жаатта бир нече учурларга токтолуп, мындай окуя коомчулуктун көңүл сыртында калбай тургандыгын айтты.

Панельная сессия Универсальная электронная карта гражданина (УЭК) - готовы ли общество, государство и технологии? - Sputnik Кыргызстан
"Же иштен кет, же түрмөгө отурасың" Sputnik Эстониядагы кырдаалга баа берилди
"Силердин бул жерде айтканыңар көңүлдүн сыртында калбайт. Мындай нерселерди укканда таңгалбайм деле, себеби бизди дайым кайсы бир нерселерге, ЖМКга басым жасады деп күнөөлөгөнгө аракет кылышат. Ал эми өздөрү дал ошону жасашат... Силердин маалыматыңардан, таасириңерден корккон өлкөлөрдө иштөө үчүн журналисттерге мүмкүнчүлүк берген шарт түзүүгө жетишишибиз керек", — деди Путин.

Акыркы айларда агенттиктин кызматкерлери бир нече ирет күч түзүмдөрүнө "профилактикалык аңгемелешүүгө" чакырылганын айтышты. Анда "Россия сегодня" эл аралык агенттигинен өз каалоосу менен кызматтан кетип калууга катуулап эле кеңеш беришкен.

"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский РИА Новостиге агенттиктин кызматкерлерине жасалган коркутуп-үркүтүүлөр боюнча президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин отурумуна бейшемби күнү алып чыгарын айтты.

Sputnik Эстонияны кантип өлкөдөн чыгарып жатышат

Эстония — Балтика боюндагы Sputnik кеңсеси жана толук кандуу редакциясы бар бирден-бир өлкө. Жамаат 35 кишиден турат, алардын 33ү "Россия сегодня" агенттигинин эмгек келишими менен иштеген Эстония жарандары. Агенттик ай сайын мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн чегерип турат. Бул 30 миң евронун тегерегиндеги сумма.

Россия президенти Владимир Путин Москва шаарында өтүп жаткан маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Секелек кыздарда кайдагы допинг? Путин WADA чечими боюнча жооп берди
"Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Sputnik эч качан эч бир жерде Эстониядагыдай маселеге тушукпагандыгын айтты. Аларда иштегендерди Коопсуздук кызматы суракка чакырган, ал эми жергиликтүү банктарга агенттик менен кызматташууга тыюу салынган. Октябрдын аягында эл аралык банктык топтордун Эстониядагы филиалы Sputnik Эстонияга которулган каражаттарды тоңдуруп салган. Ал – айлыктар, салыктар жана ижара акчалары эле. Ал эми имаратын арендага берген тарап келишимди бир тараптуу бузган.

Балтика боюндагы өлкөлөрдүн бийлиги россиялык ЖМКлардын, анын ичинде "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин ресурстарынын ишине бир нече жолу бут тосуп, тоскоолдук жараткан. Россия ТИМинен аталган иштер Вильнюстун, Таллиндин жана Риганын координацияланган багыты экендигин айткан. Бул аракеттер демократия жана сөз эркиндигинин прициптерин карманабыз деген алардын билдирүүлөрүнүн иш жүзүнө кантип ашып жатканынын айкын мисалы экендигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0