Айлана сапсары болуп, ак төөнүн карды жарылган убак. Фотограф бир гана Бишкекти эмес, Ала-Арча жаратылыш паркына чейин барып келди. Сүрөттөрдү ал Nikon D750 камерасына тартып, Nikon 400mm/f2.8 объективин колдонгон. Ошондой эле DJI Phantom 4 квадрокоптерин да пайдаланган.

Бишкектеги коңур күз

Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркы

Аллеяга "төгүлгөн" жалбырактар

"Ала-Арча" жаратылыш паркынан бир көрүнүш

Шаардыктар балдары, неберелери менен паркта сейилдеп жүргөн учур

Тобурчакты тиштеген тыйын чычкан

Быйылкы күз жылуу болууда

Былтыр дал ушул убакта кар жаткан болчу

Гүлдөргө кам көргөн жумушчу

Бишкек шаарынын жака-бели азыр дал ушундай

Даракта конуп отурган карга

Коңур күздүн чыныгы кооздугуна суктанууга убактыңыз бар

Синоптиктер 27-октябрдан тарта жаан-чачын болорун эскертти