00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кымбат тамак алып жигиттин айласын кетирбе! Алгачкы жолугушуунун этикети

© Фото / Pixabay/ StockSnapРесторанда тамактанып жаткан кыз-жигит. Архив
Ресторанда тамактанып жаткан кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кымбат ресторан, ичтеги сырды төгүп салуу жана өбүшүү... Мындай нерселер кыз-жигиттин алгачкы жолугушуусунда болбошу керек.

Себебин этикет мугалими Нуржан Исмаилова түшүндүрүп берди. Анын айтымында, алгачкы жолугушуу — бул жаңы тоңгон, жука муздун үстүнөн баскандай. Өзүңө жаккан адам менен мамилени андан ары улайм десең, ар бир кадамды өзгөчө кылдаттык менен таштоо керек.

Төмөндө сүйүү мамилесин курууга жаңы бел байлаган жаштарга бир нече кеңеш айтылат.

Сен десем болобу?

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети
Жүрүм-турум этикети боюнча кишилер жаңы мамиле кура баштаганда "сенге" өтүү сунушун жашы улуу адам киргизиши керек. Ал эми сүйүү мамилесине келгенде бул демилгени өз колуна ар дайым жигиттин алганы жакшы.

Кыз кечиксе болот, бирок...

Алгачкы жолугушууга кыз киши бир аз кечигип калса эч нерсе эмес. Аны түшүнүш керек, назданат, каадаланат дегендей. Кыз ошонусу менен баалуу да. Бирок кечигет десе эле жай-баракат жүрө берген болбойт. Эң көп дегенде 15 мүнөт. Андан ашык кечигүү — башканын убактысын сыйлабай турганынан кабар берет.

Ресторан

Кызды алгачкы жолугушууда өтө кымбат ресторанга чакырбай эле койгон оң. Анткени ал жакка ылайык келчү адеми кийим-кече, туфли жана чач жасалгасы болушу керек. Бул нерсенин баары ансыз дагы тартынып турган кызды ого бетер ыңгайсыз кылат. Анүстүнө алгачкы жолу бирге болуп, жагынгың келип турган адамдын жанында тамак жегенден уялгандар дагы бар.

Эгер болбой эле тамактануу жайына барууну чечсеңер, акчасын толугу менен жигиттин төлөгөнү туура. Ошол эле учурда кыз оголе кымбат же көп тамак заказ бербеши керек. Биринчиден, жаш жигиттерде кыз киши тамакты чымчыктай болуп аз жейт деген түшүнүк бар. Анын романтикалуу пикирин бузбай туруу керек. Экинчиден, анын акчасы жетпей, ыңгайсыз абалда калышы ыктымал.

Гүл берүү керекпи?

Телефон кармап турган аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети
Негизи биринчи жолугушууда жигит гүл көтөрүп келүүгө милдеттүү эмес. Бирок гүлдесте беришим керек деп чечсе, абалга жараша иш кылышы керек. Мисалы, жай-баракат отура турган жайга барса гүл эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Ал эми сейилдеп же дагы башкача активдүү эс алуу боло турган болсо, гүлдү көтөрүп алып кыздын үйүнө барган туура. Анда кыз букетти кечке көтөрүп жүрбөй, үйүнө таштап коёт.

Телефонду таштагыла

Сүйүү мамилесин курам деп ниет кылып жаткан адамдын жанында телефонду тиктеп отурган жарабайт. Эгер чалуулар же билдирүүлөр келип калса, болушунча кыска жооп бергенге аракет кылыңыз.

"Кооптуу" темалар

Алгачкы жолугушууда сүйлөшпөй эле коё турган темалар бар. Мисалы, өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр же кырсыктар тууралуу ой толгоолор. Мындан тышкары, нике тууралуу сөздөр. Мисалы, нике маселеси айрым жигиттерди чочутушу мүмкүн. Биринчиден, алар эркиндигин чектегиси келбейт. Экинчиден, "максаты эптеп эле күйөөгө тийиш керек турбайбы" деген ойдо калат. Баса, бул күнү мурдагы сүйүү мамилелери, кыздар жана жигиттер тууралуу да сүйлөбөй эле койгон оң.

Кызды үйүнө жеткирүү керекпи?

Алгач жигит жеткирип коёюн деп сунушташы керек. Андан кийин бардыгы кыздын каалоосуна жараша. Же жигит жеткирет, же такси чакырып салып иет, же кыз өз алдынча кетет. Кандай болгон күндө дагы кийинчерээк телефон чалып, аман-эсен жеткенинен кабар алып коюу керек.

Өбүшүүгө болбойт!

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Бул нерсе эч бир жакта жазылбаганы менен илгертен бери эле биринчи жолугушуунун алтын эрежеси катары айтылып келет. Аны карманбаган кыз-жигиттер бири-бирине жеңил ойлуу сезилип калышы мүмкүн. Өзгөчө бул нерсе кыздын беделине шек келтирет.

Эгер жакпай калса...

Жолугушкан адам жакпай калса, ошол жерден шарт бурулуп кетип калуу туура эмес. Бул экинчи адамдын шагын сындырып, комплекс пайда кылышы мүмкүн. Андыктан, жолугушуунун аягына чейин болуп, эртеси күнү гана телефон чалуу же мессенджер аркылуу жолуңар бир эмес экенин сылык-сыпаа түшүндүрүп койгула.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0