Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети

Жазылуу
Жай, көл, толкундун шарпылдаган үнү, көптөн күткөн эмгек өргүү... Албетте, бардык түйшүктү унутуп коюп, бутту керип эс алгың келет.

Анткен менен көл жээгиндеги мындай баалуу сааттарды өзүңдүн же өзгөнүн бир эле туура эмес аракети бузуп коюшу мүмкүн.

Эс алуудан чындап ырахат алгыңыз келсе, пляж маданияты тууралуу билип алган ашыкча болбойт. Сөз жок деңизчи, төмөндө айтылчулардын көбүн бала кезден эле билебиз. Бирок айрымдарын маанисиз деп ойлоп, аткарбай жүрүшүбүз ыктымал.

Көл жээгинде эс алуунун эрежелери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Тулку бойду "иреттеп" алыңыз

Көл жээгинде ыңгайсыз болуп отурбайын десеңиз, колдон келишинче ашыкча салмактан арылыңыз. Андан тышкары, педикюр, маникюр жасатып, денедеги ашыкча түктөрдү алып койгон туура. Баса, сууга түшүүчү костюмдун (купальниктин) өзүңүзгө жарашыктуу, дененин кемчиликтерин жашырып турганын алыңыз.

Кийинүүчү кабина

Пляждын ортосунда, элдин көзүнчө бирөөгө сүлгү карматып алып кийим алмаштыруу — маданиятсыздык. Ал үчүн атайын кабиналар бар.

Тазалык

Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чай ичпей калдым деп таарынба... Өлгөнгө баруу этикети
Баягы эле аягына чыкпас тазалык темасы бул жерде дагы өтө актуалдуу. Желим идиш, чылымдын калдыгы, чемичкенин кабыгы кум менен суунун эң чоң душманы! Мейли бөтөлкө, баштыктарды терип кетет дейли, ал эми тиги экөөнү кумдан кантип ажыратат? Мунун баары аз келгенсип, айрым ата-энелер кичине балдарын отурган жерине заара ушаттырып койгон учурлар болот. Эртеси эле ал жерден жагымсыз жыт чыгары турган иш да. Эмнеси болсо дагы көл жээгине бир нерсе таштап кетерден мурда жакшылап ойлонолучу. Ал жердин тазалыгы өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок.

Тынчыраак болгула!

Айланадагылар деле силер сыяктуу мээ сергители деп келген. Андыктан акырын сүйлөшүп, музыканын үнүн басаңдаталы. Жээктегилердин баары өзү каалагандай кыйкырып-өкүрүп, ызы-чуу салса эмне болорун элестетсеңиз. Эгер теңтуштар чогулуп көңүлдүү ыр-күлкү менен эс алгысы келсе, көпчүлүктөн оолагыраак барганы жакшы. Анткени достор арасында ар кандай тамаша, кептер айтылат эмеспи. Ал нерсе башкалардын кыжырын гана келтириши мүмкүн.

Бейтааныш адамды сүрөткө тартпа

Көл жээгиндеги эс алуу учурунда бейтааныш адамдарды сүрөткө тартып алуу жат көрүнүш. Жакшы таанышың болсо деле фотоаппаратты иштетерден мурун уруксат сураган туура болот. Чогуу сүрөткө түшсөңөр, аны "башка бирөөгө көрсөтсөм, же социалдык тармакка жарыяласам болобу?" деп бир ооз сурап коюңуз. Анткени ар бир эле адам эс алуу учурундагы "макияжсыз", жарым жылаңач кебетесин башкалар көрүшүн каалабайт.

Кийим-кечек

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Пляждан тышкары дүкөн же кафеге чыга турган болсоңуз, купальниктин сыртынан бир нерсе кийип алууну утутпаңыз. Баса, сууга атайын костюмдан башка кийим менен түшпөй эле койгон туура. Эки күндөн бери чече элек футболкаңыз башкаларды жийиркентиши мүмкүн. Эгер классикалык купальник менен сууга түшүүгө диний ишенимиңиз, же дагы башка себептер жол бербесе, азыр дене бойду толугу менен жапкан суу костюмдары толтура.

Ичимдик трагедияга алып келиши мүмкүн

Албетте, эс алууда тамылжып, жай-баракат отуруу үчүн кичине ууртап-татып койсо болот. Бирок ашыкча ичип алуу — башкалардын тынчын гана албастан, трагедияга дагы алып келиши мүмкүн. Анткени ичип алып сууга чөгүп кеткен мисалдар аз эмес.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0