Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган аялдар. Архив
Телефон кармап турган аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефон аркылуу сүйлөшүү жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Андан кабар угабыз, өзүбүз жаңылык айтабыз, жолугушууларды белгилейбиз, сүйүүбүздү арнайбыз дегендей. Бирок кээде туура эмес кыймыл-аракет кылып, ыңгайсыз абалда калган учурлар болот. Анын алдын алуу үчүн телефондо сүйлөшүү маданиятын өздөштүрүп алганыбыз жакшы. Бул, өзгөчө, телефондон маалымат алып, телефон аркылуу иш бүтүргөндөргө тиешелүү эрежелер.

Жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелер тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Учурашуу жана коштошуу

Телефон колдонуп жаткан кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
Маек башталардан мурда сөзсүз учурашып, телефондун ары жагындагы адамдан сүйлөшө алар-албасын, убактысы бар-жогун сураңыз. Баса, айрым учурда "саламатсызбы" десең "угуп атам" же "айта бер" деп жооп бергендер болот. Бул, албетте, туура эмес. Учурашкан кишиге учурашуу менен жооп берип, анан иш тууралуу сураш керек. Ошондой эле сүйлөшүп бүткөндө телефонду койгонго шашпай, коштошуп, ыраазычылык билдирүү ашыкча болбойт.

Өзүн тааныштыруу

Иш боюнча же сизди тааныбаган адамга чалсаңыз, алгач аты-жөнүңүздү, кайсыл жактан чалып жатканыңызды түшүндүрүңүз.

Чалган кишинин издегени жок болуп калса

Үйдөгү же кызматтык телефонго чалгандар издеп жаткан адам жок болуп калса, "ал жок" дегенден башкага жарабай, телефонду коюп салуу болбойт. "Мен эмне жардам бере алам?" же "эмне деп айтып коюу керек?" деп сурап коюңуз.

Дем алыш күнкү чалуулар

Өтө зарыл иш болбосо чала тааныш же кызматтык гана байланыштагы адамдарга дем алыш күндөрү телефон чалбай эле койгон туура.

Коомдук жайда "жомок" айтышпагыла

Коомдук транспорт, кайсы бир адиске кезек күткөн жер же дүкөн сыяктуу жайларда телефондон узакка сүйлөшпөй эле койгон туура. Ишенип коюңуз, сиздин курбуңуз кандай түстөгү көйнөк сатып алганы же жумуштан жазып бүтө албай жаткан отчётуңуз тууралуу кеп эч кимге кызык эмес.

Башка бирөөнүн телефонун ала койбо

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Башка бирөөнүн уюлдук телефону чырылдап калса, эч качан жооп бере көрбөңүз. Негизи бул жат көрүнүш. Эгер телефон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бириники болсо башка кеп. Бирок ошондо дагы сиз тааныган адам чалып жатса алыңыз. Эгер тааныбаган киши болсо бир нече ирет катары менен чалган соң гана жооп берсеңиз болот. Себеби, чындап эле зарыл иши чыгып жаткандар гана тынымсыз чалат эмеспи.

Сүйлөшүп жатканда тамак жебей чыдап турган жакшы

Сүйлөшүп жатканда бир нерсени чайнап, суу ууртап, улам-улам эстеп же улутуна берген телефондун ары жагындагы адамга өтө жагымсыз сезилет. Мындай кылык-жоруктар аны менен сүйлөшкүңүз келбей жатканынан кабар берет. Андан кутула жаздагандай болбой, акырына чейин күтүп угуп коюңуз. Эгер чындап эле сүйлөшкүңүз келбесе, анын да, өзүңүздүн дагы убакытты албай, "чү" дегенде эле сылык-сыпаа баш тартып койгон оң.

Байланыш үзүлүп кетсе

Сүйлөшүү учурунда байланыш үзүлүп кетсе, ким биринчи телефон чалса, ошол киши биринчи байланышка чыгышы керек. Ал эми кайсы бир ишкана менен кардар сүйлөшүп жаткан учурда артыкчылык кардарга берилет. Мындайда ишкана кызматкеринин озунуп чалганы туура...

Маекке даярдан

Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чай ичпей калдым деп таарынба... Өлгөнгө баруу этикети
Жогоруда бул эрежелердин телефон аркылуу иш бүтүргөндөргө өзгөчө маанилүү экендигин айткан элек. Бирөөдөн маалымат алганы жатсаңыз, суроолорду алдын ала даярдап, колго калем, кагаз алыңыз. Сүйлөшүү башталгандан кийин ары-бери чуркап калем издөө, маектешти күттүрүү өзүңүзгө гана ыңгайсыз болот.

Унчукпай калбаңыз

Маектеш узак сүйлөп жатканда "аа ошондойбу?", "түшүнүктүү", "кызык экен" деген сыяктуу сөздөр менен процессти "жөлөп-таяп" туруңуз. Таптакыр унчукпай койсоңуз, маектеш сиздин реакцияны түшүнө албай, ыңгайсыз абалда калат.

Үн катуулатуу

Кээде телефонду кулакка кармап туруу үчүн кол бошобой калганда аппараттын үнүн айланага угула тургандай чыгарып алып сүйлөшүүгө туура келет. Маектешке бул нерсе дароо байкалат. Бирок мындайды баары эле жактыра бербейт. Айрымдар сөзүбүздү башка кишилер угуп коёт деп чочуласа, кээ бирөөлөр үнүм кандай угулуп жатат болду экен деп санааркайт. Андыктан этият болуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0