Ноокатта айыл мектебин оңдоп жаткан уста сабалды. Доочу мугалимге кине коюуда

© Фото / Нуржигит Бердикул уулуКонфликт учителя физкультуры и рабочего в селе Кенеш
Конфликт учителя физкультуры и рабочего в селе Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уста 26-январга караган түнү он чакты баладан таяк жегенин айтууда.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Оштун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө Жапар Нышанов атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштерин жасап жаткан уста токмок жеди. Сабагандардын арасында дене тарбия мугалими да бар. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучу Нуржигит Бердикул уулу билдирди.

Анын айтымында, ал өткөн жылдын август айынан бери мектепте иштеп келет. 26-январга караган түнү саат 00.00дөр чамасында мектептин алдында сабалган.

"Биз мектептин өзүндө жатып иштечүбүз. Түндө өзүм жалгыз унаам менен келсем, залдан топ ойноп чыккан он чакты бала дарбазада туруптур. Алдыда машина турган экен, алып койгула мен кирип кетейин дедим. Сүйлөшүп жатканда эле бирөөсү уруп жиберди. Унаама отуруп качууга аракет кылганда бирөөсү арткы терезени чаап сындырып койду. Анан токтотуп алып үчөө ур-тепкиге алды. Ал жактан чыккандан кийин унаамды бирөөгө айдатып алып Ош шаарына келдим. Балдардын арасынан дене тарбия мугалимин таанып калдым. Аны ошол жердеги окуучу балдар да көргөн", — деди жабырлануучу.

Бердикул уулу шаарга келгенден кийин Тез жардам чакырып, медициналык жардам алган. Кийин милицияга арыз жазганын билдирди.

Кылмышкерлерди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: адамды уурдап кетип, документке кыйнап кол койдургандар кармалды
"Мурда Москвада иштеп жүргөндө 4-кабаттан кулап кетип бутум, белим сынып, мээм чайкалган. Үйгө келгенден кийин өзүмдү билбей жатып калыптырмын. Эми ооруканага барайын деп жатам. Айылдыктар буга чейин да түнкүсүн бир нече жолу келип эшигибизди какканда ачпай койчубуз. 15 күн мурда дагы бир устаны сабап кетишкен. Анда унчуккан эмеспиз. Бул боюнча күндүз директорго айткам, ал карап көрөбүз деген болчу. Анан ошол түнү ушундай иш болуп жатпайбы", — деди Бердикул уулу.

Ал эми орто мектептин директору Гүлзат Сапарбек кызы дене тарбия мугалиминин "жаңжалга катыштыгым жок" деп жатканын билдирди. Ошондой эле ал окуя түндө, дарбазанын сыртында болгондуктан кароолчу көрбөгөнүн белгиледи.

Ош облустук милициянын маалымат кызматы окуя боюнча арыз түшкөнүн тастыктап, Ноокат РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин бүгүн, 28-январда, баштаганын маалымдады. Азырынча шектүүлөр аныктала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0