Дүйшөн Байдөбөтов көп жылдар бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук театрында эмгектенген.
Байдөбөтов чыгармачылык жолун Алай райондук элдик театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган.
Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.
Актер 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулуп, 69 жашында киндик каны тамган кичи мекенинде жерге берилди.

1/14
© Фото / Александр Федоров
Кыргыз Эл артисти, Эмгек сиңирген артист Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган.

2/14
© Фото / Александр Федоров
Дүйшөн Байдөбөтов режиссер Геннадий Базаровдин "Каныбек" тасмасында

3/14
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов 29 жашында "Каныбекте" Түлкүбектин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн көзүнө дароо түшкөн

4/14
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов театрдан сырткары экранда өз жүзү, өзүнө таандык чеберчилиги бар актер болгон. 28 жашында КРдин Эмгек сиңирген артисти, ал эми 38 жашында КРдин Эл артисти наамын алганын эскерген жайы бар

5/14
© Фото / Александр Федоров
Георгий Николаенконун "Токтогул" (Кербез) тасмасында Токтогулдун ролун ойногон

1989-жыл. Байдөбөтов атактуу акын Токтогулдун образын 40 жашында аткарган

7/14
© Фото / Александр Федоров
Актер атактуу ырчынын ролун миң толгонуп, бир түйшөлүп жатып жараткан экен. Токтогулдун Ата журттан алыска айдалгандагы азабын, жакындарын сагынуунун күчүн, жакындарынан айрылгандагы арманын ойноп, жеткирүү чебердин чеберинин гана колунан келсе керек

8/14
© Фото / Александр Федоров
Режиссер Артык Сүйүндүков тарткан "Кошокчу" тасмасында НКВД начальнигинин ролун ойногон. 1991-жыл

9/14
© Фото / Александр Федоров
"Кошокчу" фильминде Байдөбөтов ошентип 37-жылдардагы кандуу репрессиянын өкүлүнүн, терс каармандын образын жараткан

Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" кинофильминдеги Базарбай жана бөлтүрүк

11/14
© Фото / Александр Федоров
"Ничего подобного!". "Акбаранын көз жашындагы" Базарбайдын төл сөзү. Айтмакчы, Байдөбөтов алгач Бостондун ролуна бекип, кийин капыстан Базарбайдын образын жаратып калганын айтып бергени бар

12/14
© Фото / Александр Федоров
Ролдун жаманы болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, алар менен макул болбой, талаша берчүмүн", — деген Байдөбөтов.

13/14
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов кесиптештери, шакирттери жана замандаштары менен

Кыргыз Эл артисти жана Эмгек сиңирген артист, устат, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири, таланттуу инсан Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жашында дүйнө салган.
