Уулум каза болгондон кийин эле алдан тайдым. Дүйшөн Байдөбөтовдун акыркы маеги. Аудио

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Дүйшөнбек Байдөбөтовдун сөөгү бүгүн кичи мекени болгон Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди.
Уулум каза болгондон кийин эле алдан тайдым. Дүйшөн Байдөбөтовдун акыркы маеги. Аудио

Ушул жылдын май айынын ортосунда актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жолугуп, баарлашып келген эле. Анда Байдөбөтов алдан тайдырган оорусу, өмүрүн арнаган чыгармачылыгы тууралуу айтып, балалык кезин эстеп маек курган.

Похороны актера Дуйшенбека Байдоботова - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди. Зыйнаттан сүрөттөр
Актер менен жолдон эле жолуктук. Баласы ооруканадан алып келе жатыптыр. Таяк таянган, чачтарын ак баскан… Бирок кыйналганын көрсөткүсү келбей таягын унаага жөлөп, колду көтөрүп туруп каткырып сүрөткө түшүп берген.

Андан соң агайдын ал-абалын сурап унаада сүйлөшүп отуруп калдык. Төгүлүп көп нерсени айтайын деди, бирок инсульт илдетинен кийин жакшы сүйлөй албай калган экен.

— Бул илдетке кандайча кабылып калдыңыз?

— Оору деген адамга айттырбай келет турбайбы. Анын үстүнө жаш курак өтүп калганда ар кайсы жериң ооруй берет экен. Өзүм да кандайча бул илдетке кабылганымды билбей калдым. Үч жыл мурун уулум 47 жашында ооруп каза болуп калды. Ошондон кийин эле инсульт болуп жыгылдым. Ал башка дарттын баарын козгоду. Кант диабети менен да жабыркачумун. Жаш кезде оору дегенди билбей жыргап жүрчү экенбиз да. Буюрса, эми дарыгерлер айыктырабыз деп жатышат. Азыр басып, сүйлөп калдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөн Байдөбөтов: Үч жыл мурун уулум 47 жашында ооруп каза болуп калды. Ошондон кийин эле инсульт болуп жыгылдым
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтов: Үч жыл мурун уулум 47 жашында ооруп каза болуп калды. Ошондон кийин эле инсульт болуп жыгылдым

— Үйдө элесизби?

— Жок, азыр деле иштейм. Театралдык училищеде сабак берем, жубайым да ошол жакта иштейт. Болгону азыр сахнага чыга элекмин.

— Сахнаны сагынсаңыз керек?

— Сагындым… бирок айла жок. Ай, (колун силкип) эч нерсе эмес, муну менен күрөшүп жеңиш керек, өзүм да аракет кылып жатам. Кечээ жакында эле жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" жөө жүрүшү болбодубу, ошондо алым гана жок болуп калды да. Болбосо туугандарымдын сүрөтүн алып чыгайын дегем.

— Чоң атаңыз барды беле согушка?

Айтматовдун баягы каармандары сүрөттө - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун баягы каармандары сүрөттө: кечээ жана бүгүн
— Төрт бир тууганым келбей калган. Мен атамдын эң акыркы кичүү баласымын. Эх… убакыт деген бат эле өтөт тура. Кичине кезимде көпкө чейин жашайбыз, дагы узак өмүрлөр бар деп ойлочу элем. Көрсө карылык, оору деген бат эле келип, адам тез эле баспай жүдөп кетет турбайбы…

(Ал ортодо баласы Данияр атасына кайрылып, оору жөнүндө көп эле айта бербөөсүн суранды. Андан соң актер балдары тууралуу кеп кылды)

…Бир кыз, эки уулум бар. Биринин тигинтип көзү өтүп кетти. Бул балам (унаада отурган баласын көрсөтүп) энергетика тармагында иштейт. Ушунун колундамын. Кызым болсо мейманканалардын биринде кызмат кылат. Менин жолумду бир да балам жолдогон жок. Айчолпон деген тыпылдаган неберем бар, ошол актриса болобу деп ойлоп коем. 

© Фото / Александр ФедоровДүйшөн Байдөбөтов: Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, мен алар менен талаша берчүмүн
Народный артист КР, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтов: Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, мен алар менен талаша берчүмүн

— Тасмаларга тартылып жүргөндө кызыктуу учурларыңызды көп эстесеңиз керек?

— Ал убакта кино тарткан азыркыга салыштырмалуу өтө татаал болчу да. Ыйлаганда жан дүйнөң менен берилип бир нерсеге кейип ыйлабасаң калп ыйлаганды да жаратчу эмес режиссерлор. "Мен — Тянь-Шань" тасмасында Илиястын прицеп менен өзүнчө тоону ашып кетем деп жөнөгөн жери бар эмеспи. Ошондо тердеген кадрларды тартыш керек болду. Оператор мени "тоого чыгып кел" деп жөнөтүп ийди. Чыкканы го жеңил болду, кайра түшөрдө бутум калчылдап түшө алсамчы. Ошондо бир кара тер кетти эле. Оператор учурдан пайдаланып тиги кадрды тарта калды. Кадыржан деген кыйын оператор байке бар эле, бөтөнчө кыйын киши болчу. Тасманы Төө-Ашуунун эски жолунан тартканбыз. Унаа айдаганда "кудайлап" атып тартылчубуз. МАИ кызматкерлери жолдун башы менен аягына туруп тартуу иштери бүткүчө көзөмөлдөп турчу. Ыраматылык Сүймөнкул байке менен тартылгам да. Ал кезде ал агам дасыгып калган актер эле. Көп нерсени үйрөттү. Өтө боорукер, бирөөнө да жамандык кылбаган алтын адам эле… (Жашыды).

— Илиястын ролун аткарганда канчада элеңиз?

— 22 жаштагы жапжаш жигит болчумун. Ал учурда үйлөнүп мына ушул улуу балам там-туң басып жүргөн. Мен 19 жашымда эле үйлөнүп алгам. 

© Фото / из семейного архива ТоктобаевыхДүйшөн Байдөбөтов: Ал убакта кино тарткан азыркыга салыштырмалуу өтө татаал болчу
Актер театра и кино, народный артист Кыргызстана Мукамбет Токтобаев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтов: Ал убакта кино тарткан азыркыга салыштырмалуу өтө татаал болчу

— Базарбайдын образы өзүңүзгө жакчу беле?

— Жаман образ болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, мен алар менен талаша берчүмүн. Себеби кээде чындыкты бетке айткан адамдар терс каарманга айланып калат экен да. Анын да ойлогон ою бар. Чыңгыз Айтматовдун генийлиги чыгармаларындагы каармандардын баары министр же жетекчи эмес, жөнөкөй шоопур, койчу, айтор, элдин камын көргөн адамдар болгондугунда.

— Үйдүн кичүүсүмүн деп калдыңыз. Балалыгыңыз тууралуу да азын оолак кеп кылбайсызбы?

— Чүйдүн Үч-Эмчек деген айылында жарык дүйнөгө келгем. Апам 16 бала төрөгөн. Ошонун эң кенжеси менкин. Анын азыр эч кимиси жок, баары жай-жайына кеткен, өзүм жалгыз эле калдым. Төрт бир тууганым согушка кетип келбей калган. Кээ бири кичине кезинде эле чарчап калыптыр. Атам-апамдар көптү көргөн кишилер эле. Бизге башынан өткөн окуяларын айтып берип калчу. Атамды кулак кылып Сибирге айдайбыз дегенде апам экөө Ысык-Көлгө апамдын төркүнүнө качыптыр. Эки жылдан кийин кайра келе жатып жолдон Көкөмерен суусунун кызыл көпүрөсүнө жеткенде ат унаанын үнүнөн үркүп, апамдын колундагы эки баласы сууга агып кетиптир. Атам бир жума издеп таппай коюп, акыры мындай эле куран багышташкан экен. Ал окуяны апам көп жолу бизге ыйлап айтып берди. Ал жактан өткөн сайын куран окучубуз.

(Актердун уулу атасы чарчап кеткенин айтып, маекти бүтүрүүнү сурады) 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөн Байдөбөтов: Сапар Исаков күтүүсүздөн эле келип калды. Тимеле мурун тааныган немедей кучактап, ал-абалымды сураганда жерге батпай калдым, кубанганымды сурабаңыз.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөн Байдөбөтов: Сапар Исаков күтүүсүздөн эле келип калды. Тимеле мурун тааныган немедей кучактап, ал-абалымды сураганда жерге батпай калдым, кубанганымды сурабаңыз.

— Көптөн бери айта албай жүргөн кептериңиз бардыр…

Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар
— Менин жүрөгүмдү өйүгөн маселе — биздин жетекчилер оңолсо, шаарыбыз таза, кооз калаага айланса. Азыр элдин кызыкчылыгын ойлогон жетекчилер азайып бүт эле өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп калышты.

Менин бир ыраазы болгонум — театр күнү эртеси мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков күтүүсүздөн эле келип калды. Тимеле мурун тааныган немедей кучактап, ал-абалымды сураганда жерге батпай калдым, кубанганымды сурабаңыз. Өтө жөнөкөй жигит экен. Ыраазы болуп ичим жылып калды. Депутаттар алып салганда аябай жаман болдум. Иши кылып бийликке элдин камын ойлогон кишилер эле келсе болду.

Маек 2018-жылы 14-май күнү алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0