"Манас" коньягы менен арагы. Бул ысым дагы эмнелерге колдонулат

Жазылуу
Манас — бул дүйнөдөгү эң чоң эпостун жана анын башкы каарманынын аты. Кыргыз маданиятынын туу чокусу болгон эпостун аталышы акыркы убакта жарнамада көп колдонула баштады.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жакында эле "Манас" деген аталыштагы арак чыгып, коомчулукта резонанс жаратты.

Дүйшөмбү күнү маалымат жыйын учурунда президент Алмазбек Атамбаев журналисттин өтүнүчү менен ага "Айкөл Манас" деп аталган саатын белекке берди. Жакында эле колдонууга ат минип турган Манастын элеси түшүрүлгөн 2000 сомдук банкнота да колонууга берилди.

Sputnik Кыргызстан редакциясы дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостун каарманы болгон Манастын ысымы дагы кайсы жактарда колдонуларын изилдеп көрдү.

Самолет в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
TAV Airports Holding компаниясы КРде жаңы аэропорттун курулушун каржылоого даяр
Көрсө Манастын атынан коюлган арак гана эмес, коньяк дагы бар экен. Анын 10 жыл сакталган түрү 2800 сомго жакын турат. Ошондой эле "Манас" момпосуйлары чыгып, орус тилдүү балдар арасында "манаски" деп аталып калган.

Кыргызстандын негизги аба бекети дагы "Манас" деп аталат. Ал жарандык аэродромдорду бириктирген "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКыга карайт.

Талас облусундагы райондордун биринин аталашы Манастын атынан коюлган. Ошондой эле аэропорттон алыс эмес жердеги айыл дагы "Манас" деп аталат.

Манастын ысымы Бишкектеги негизги проспектилердин бирине берилген, ал буга чейин Белинскийдин ысымын алып келген. Борбор калаа Бишкекке дагы легендарлуу каармандын ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калган.

Белгилей кетсек, Бишкекте ушундай эле аталыштагы кинотеатр менен кыргыз-түрк университети бар. Жакында эле "Манас" чайы дагы чыкканы маалым болду.

Борбор калаада Манастын эки эстелиги бар. Алардын бирин филармониянын, экинчисин "Ала-Тоо" аянтынан көрүүгө болот. Эстелик эмне себептен орнотулганын президент Алмазбек Атамбаев Ташкентке болгон сапарында айтып берген.

Манас аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортун оңдоо иштери башталды. Эмнеси өзгөрүп, канча акча кетти
Мамлекеттин жогорку ордени деп аталган "Манастын" үч даражадагы төш белгиси бар. Андан жогору бир гана наам бар — бул "Кыргыз Республикасынын Баатыры". Калган орден-медалдар төмөнкү рангда тургандыктан, "Манас" орденинен ылдыйыраак тагылат.

Ошондой эле президенттин энчилүү сааты "Айкөл Манас" деп аталат.

1993-жылы чыккан 1,5 жана 20 сомдукка атчан Манастын эстелиги түшүрүлсө, экинчи бетинен күмбөзүн көрүүгө болот. Кийнчерээк 20 жана 500 сомдукка дагы күмбөздүн сүрөтү түшүрүлгөн.

Атчан Манастын сүрөтү Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын шевронунда дагы бар.

ЖМКлар арасында дагы "Манас" аталышы кенен колдонулуп келет. Мисалы, ушундай аталыштагы радио, телеканалдар дагы иштеп келе жатат (Манас жаңырыгы).

Жаңылыктар түрмөгү
0