Көлдөгү жол кырсыктан каза болгон жаран НТС каналынын журналисти экени аныкталды

Жазылуу
Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө каза болгон жаран НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кесиптештери тастыкташты.

Жол кырсыгы 30-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында катталган. Анда Subaru үлгүсүндөгү эки машина кагышкан.

"Бизге ал университетти аяктары менен эле келген. Штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштечү. Ал өзүнүн тырышчаактыгы менен эсибизде калды. Октябрда 23 жашка чыкмак", — деп кесиптештери билдиришти.

Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан.

Ысык-Көл облустук ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы боюнча маалыматка азырынча түшүндүрмө бере элек.

Ысык-Көлдө катталган жол кырсыктын видеосун материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0