Анын айтымында, жол кырсыгы 30-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында катталган. Subaru маркасындагы эки автоунаа кагышкан.
Видео кырсык болгон жерден тартылган. Анда аябай мыйрыйган эки машинаны кишилер жабалактап курчап турганын көрүүгө болот. Арасынан бирөө каза болгон баланын атын айтып кыйкырып жатканы угулат.
"Досторунун айтымында, алар түнкү клубдан бир нече машина менен чыгышкан. Досу алдыга озуп кетип, автоунааны жолдун четине токтотуп, буруп жатканда Бишкек тарапты көздөй кетип бараткан автоунаа менен кагышыптыр", — деп күбө билдирди.
Кырсыктын кесептенин эки машина тең аябай жабыркаган. Каза болгон кишини машинанын ичинен бир саат дегенде араң чыгарышкан.
"Жалпысынан 20-25 жаштардагы алты киши жабыркаган. Арасында бир кыз бар экен. Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери да келишти", — деп ал кошумчалады.
Ысык-Көл облустук ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы боюнча маалыматка азырынча түшүндүрмө бере элек.