Бишкек — Ош жолунда май ташып бараткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа оодарылганын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окуя аталган кан жолдун 348-чакырымында болгон. Аны күбө видеого тартып алган.
Саат 17:00дө №30 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери автоунаадагы бензиндин баарын куюп алып, анын төгүлүп калышына жол берген эмес. Айдоочу болсо ооруканага жаткырылган, абалы орто.
Учурда жол ачылып, машиналар эки тарапка тең өтүп жатат.