БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып андан бир аял жана анын 10 жаштагы баласы мерт болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Унаа кырсыгы бүгүн, 12-июлда Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган.
"Унаанын ичинде атасы, апасы жана үч жашар баласы болгон. Кырсыктын кесепетинен апасы менен бир уулу мерт болду. 9-10 жаштагы балдардын баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган. Балдардын атасы жаракат алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл облустук Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктады.