Алтын колдуу Эрнст Акрамов 81 жашта! Дарыгер тууралуу 7 чындык

© Фото / Александр ФедоровЗалкар хирург, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Эл баатыры Эрнст Акрамовдун архивдик сүрөтү
Залкар хирург, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Эл баатыры Эрнст Акрамовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар хирург, эмгек сиңирген дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор, СССРдин Эл депутаты жана Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, Кыргыз Эл баатыры Эрнст Акрамов 81 жашта.

Чыгаан дарыгер тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 7 фактыны сунуштайт.

Орто Азия элинин канынан жаралган инсан

Бул инсан 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Акрамовдо Орто Азия элдеринин каны чогулган. Атасында өзбек, тажиктин каны болсо, апасында өзбек, кыргыздын каны бар. Ата-энеси карапайым адамдар болгон. Үч бир туугандын экинчиси, эжеси жана иниси бар. Кыргыз, өзбек, орус, уйгур, англис тилдерин билет.

© Фото / Александр ФедоровЭрнст Акрамов республикананын спорттук гимнастика боюнча бир нече жолку чемпиону. Кыргыз ССРдин гимнастика боюнча курама командасында мүчө болгон
Выдающийся хирург, герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Эрнст Акрамов республикананын спорттук гимнастика боюнча бир нече жолку чемпиону. Кыргыз ССРдин гимнастика боюнча курама командасында мүчө болгон

Билими, эмгек жолу

— Фрунзедеги №10 орто мектебин аяктаган. Алгач жөн гана медициналык институтка тапшырып, 6-курста хирургия адистигин тандап кеткен. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. Эмгек жолун №2 шаардык клиникалык бейтапканада дарыгер-хирург болуп эмгектенген.

— 1964-1967-жылдары ошол эле институттун операциялык хирургия кафедрасынын аспиранты катары иштеген.

Дарыгерлер хирургиялык операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улукман. Кыргызстандын дартка даба атактуу 5 дарыгери
— 1967-1971-жылдары Республикалык клиникалык бейтапкананын хирургия бөлүмүндө ордитатор болуп эмгектенген.

— 1971-1975-жылдары №2 шаардык бейтапкананын хирургиялык бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган.

— 1975-1980-жылдары Кыргыз медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын ассистенти, доценти.

— 1981-1992-жылдары Республикалык клиникалык бейтапкананын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеген.

— 1992-жылдан тарта Чүй облустук бейтапкананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.

Спортчу дарыгер

— Республикананын спорттук гимнастика боюнча бир нече жолку чемпиону. Кыргыз ССРдин гимнастика боюнча курама командасында мүчө болгон. 34 жашында чоң спорттон кеткен.

© Фото / Александр ФедоровАкрамов 1989-1992-жылдары СССРдин Эл депутаты болгон
Выдающийся хирург, герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин Эл депутаты болгон

Саясий жана коомдук ишмердүүлүгү

— 1989-1992-жылдары СССРдин Эл депутаты.

— 1998-жылы тарапташтары менен "Менин өлкөм" партиясын түзгөн. 2000-жылы парламенттик шайлоодо партиясы утуп чыккан, бирок тарапташтарынын пайдасы үчүн дарыгер-хирург мандаттан баш тарткан.

— 2007-жылы 15-октябрда "Ак жол" партиясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңештин IV чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Анткени менен дарыгерлик ишин унутта калтырган эмес.

"Акрамовдун кечтери" аталыштагы маданий-кайрымдуулук долбоордун автору. Бул концерттер бишкектиктер жана шаардын коноктору үчүн руханий азык тартуулап келет.

© Фото / Александр ФедоровДарыгер 350дөн ашык илимий иштин, 16 монографиянын, 23 ойлоп табуунунун автору. Медицина илимдеринин 20га чукул докторлору менен кандидаттарын даярдаган
Выдающийся хирург, герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер 350дөн ашык илимий иштин, 16 монографиянын, 23 ойлоп табуунунун автору. Медицина илимдеринин 20га чукул докторлору менен кандидаттарын даярдаган

Илимий ишмердүүлүгү

— 1967-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. 350дөн ашык илимий иштин, 16 монографиянын, 23 ойлоп табуунунун автору. Дүйнөдө чанда кездешкен уникалдуу операцияларды жасаган. Медицина илимдеринин 20га чукул докторлору менен кандидаттарын даярдаган. Эл аралык деңгээлдеги конференция жана симпозиумдардын уюштуруучусу, катышуучусу.

Мен бирөөнүн кызын бир гана сүйүү менен бактылуу кыла албайм!

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
—Жеке жашоосу тууралуу айта бербейт. Анткени бир дагы жолу үйлөнгөн эмес, балдары да жок. Ал бул тууралуу "Үй-бүлө куруу үчүн бир гана сүйүү жетишсиз. Ар бир ата-эне кызын жетиштүү турмушту өмүр сүрүшүн каалайт. Мен бирөөнүн кызына ошол нерсени тартуулай аламбы? Жок! Мамлекеттин мага берген биртке тыйыны менен бул нерсе мүмкүн эмес", — деп айтканы бар.

Журналисттердин "сиз жашооңузда кимдир бирөөнү сүйдүңүз беле?" деген суроосуна, "Сүйүүнүн жаш курагы болбойт. Мен көп жана ар кандай айымдарды кезиктирдим. Бирок, чындап бир айымды сүйдүм, дагы деле сүйөм. Өкүнүчтүүсү, азыр ал бул дүйнөдө жок", — деп жооп берген.

Мен үчүн күн батып, түн кирип баратат…

— Учурда мен кыялдана турчу нерсе деле жок. Жашоо күн менен түндүн аралыгы сыяктуу. Менин курагымда күн батып, түн кирип баратат. Мени азыр жумушумдан башка эч нерсе кызыктырбайт, ырахат тартуулаган да ошол. Эс алуу, эмгек өргүүсү дегендерди билбейм. Мен өмүрүмдө Ысык-Көлдө эки гана жолу болгом. 15 жылдан бери бейтапканада жашап, иштейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0