Улукман. Кыргызстандын дартка даба атактуу 5 дарыгери

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүДарыгерлер хирургиялык операция учурунда. Архив
Дарыгерлер хирургиялык операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу климат ден соолукка пайдалуу экенин биринчи болуп кыргызстандык дарыгер айтканын билчү белеңиз?

Жаман-жакшы сөз айтып жактырбай, бирок кичине бир жерибиз ооруса, жанталашып дарыгерлерге чуркап жөнөйбүз. Бүгүн 3-июль күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин күнү белгиленет. Sputnik Кыргызстан республиканын атагы чыккан беш дарыгерин тизмелеп чыкты.

© Sputnik / Александр ФедоровКөрүнүктүү хирург жана академик Иса Ахунбаев (ортодо)
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Көрүнүктүү хирург жана академик Иса Ахунбаев (ортодо)

Иса Ахунбаев – көрүнүктүү хирург жана академик. Бул дарыгерди Кыргызстандагы көкүрөк хирургиясынын негиздөөчүсү деп атоого болот. 1959-жылы Иса Коноевич Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө ачык операция жасаган. Анын тажрыйбасынын аркасы менен бүгүн Кыргызстанда жыл сайын 900-1000 адамдын жүрөгү хирургиялык жол менен дарыланып келет. Алардын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлар да ондоп саналат. 

© Фото / Александр ФедоровАтактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов
Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов

Эрнст Акрамов – атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры, өзүнүн катаал мүнөзү менен белгилүү. Акрамов Чүй облустук оорукананын хирургиялык бөлүмүн жетектейт. Узак жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн сактап, азыр да ал жолунан кайтпай келет. Быйыл дарыгер 80 жашта. 

© Фото / Национальный хирургический центр МЗ КРХирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Мамбет Мамакеев
Выдающийся кыргызский хирург Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Хирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы Мамбет Мамакеев

Мамбет Мамакеев – таланттуу хирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы. Мамбет Мамакеевич Кыргызстанда токтоосуз хирургиянын өнүгүшүнө жол салган. Дарыгер өзүнүн 85 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып, анын жыл сайын жасаган операциялары 250гө жетет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат. 

Какиш Рыскулова – Борбордук Азиядагы туңгуч аял хирург жана биринчи аял академик. Ал көп сандаган илимий иштердин жана окуу куралдарынын автору. Какиш Рыскуловна жаратты тигүүнүн жаңы ыкмалары боюнча кенен изилдөөлөрдү жүргүзүп, нервдин жана кан тамырлардын хирургиясын иликтеген. Анын эмгектерин азыр да дарыгерлердин улам кийинки мууну кенен колдонуп келет. 

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүМедицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт Мирсаид Миррахимов
Врач-терапевт, директор Научно-исследовательского института кардиологии при Министерстве здравоохранения КР, член-корреспондент Академии медицинских наук СССР Мирсаид Мирхамидович Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт Мирсаид Миррахимов

Мирсаид Миррахимов – медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт. Анан жетекчилиги астында Улуттук кардиология жана терапия борбору ачылган. Миррахимов Кыргызстанда кардиологияны жакшыртууга зор салым кошкон. Ал бийик тоолуу климат ден соолукка пайдалуу экенин биринчи болуп айтып чыгып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0