Бишкекте учурда курулуш кудайга шүгүр жүрүп жатат. Турак үйлөр менен катар эле бизнес борборлору биринен бири орун талашкандай бой керет. Анткен менен алардын... 28.01.2017, Sputnik Кыргызстан
Бишкекте учурда курулуш кудайга шүгүр жүрүп жатат. Турак үйлөр менен катар эле бизнес борборлору биринен бири орун талашкандай бой керет. Анткен менен алардын арасында акыркы учурда салынган маданий жайлар жокко эсе.
Sputnik Кыргызстан Бишкекти кооздоп жана архитектуралык жактан салмагын арттырып турган, көзгө жагымдуу көрүнгөн имараттарды тизмектеп чыкты.
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи, 1974-жылы курулган. Адистер ага модернисттик жана демократиялык түзүлүштөгү имарат деп баасын беришет. Архитекторлору — Ырыскулов, Жекшенбаев жана Назаров
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. Акыркы 10 жылда анын жакшынакай көркү, шыптан жерпайына чейинки айнектелген фасады чапталган ар кыл түстөгү кагаздарга басылып, байкалбай калды дешти архитекторлор. Долбоорун 1972-жылы Албанский аттуу архитектор чийген
Бир кезде сувенирлерди саткан "Улитка" дүкөнү азыркы абалында деле көзгө сүйкүм көрүнөт. Архитекторлор — Мухамадиев менен Алыкулов. Имарат 1975-жылы курулган
Совет мезгилинде эл арасында "Офицерлер үйү" деп аталган жакшынакай имарат азыр Кыргыз-Славян университетине карайт. Сыртынан караганда чын эле башкача стилде, аскерлердей чыкыйган көркү азыр деле сакталуу
Кыргызстандагы Эл аралык университеттин имараты 1954-жылы түптөлгөн. Долбоорун Писарский аттуу архитектор чийген. Имаратты карап туруп анын майда-чүйдөсүнө чейин зор эмгек жумшалганын көрөсүз. Кыргыздын улуттук оймолору чебердик менен жасалган
Ардактуу да, баалуу да тарыхый жай — кол башчы Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи. Бул курулуш советтик архитекторлордун баалуу эмгектеринин бири катары эсептелип келет.
Токтогул — Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки жыл мурда курулган жаңы бизнес-борбор. Архитектор — Мухтар Шеримкулов. Бишкектин борборунда жайгашкан бул имарат күү-шаа болгон шаардын ыргагына жарашып калган. Адистер анын дизайны заманбап жасалып, сырттан жакшынакай көрүнөрүн айтышат
Кичинекей шаардыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Cosmopark көңүл ачуу борбору архитектор Кубанычбек Ибраевдун долбоору менен тургузулган. Бул жерден заманбап стилдин элементтерин көзүн жуумп алган киши да байкайт
Мурдагы архитектуралык жасалгасы менен кооздолгон бөлүктөрүн жоготсо да, "Соки, газированные воды" деп баш жагына жазылган павильон эски малдын көзүндөй болуп сүйкүм көрүнөт. Ал "Ала-Тоо" кинотеатрынын артында жайгашкан.