БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын тургундарына көрсөтүлдү. Бул тууралу Кинематография департаменти билдирди.
Эскерте кетсек, аталган тасманын көпчүлүк бөлүгү дал ушул айылда тартылган. Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган иш-чара "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан ишке ашты.
Ага "Кыргызфильм" киностудиясынын директору, фильмдин продюсери Гүлмира Керимова, аткаруучу продюсери Чынара Камчыбекова, режиссеру жана сценарийдин автору Дальмира Тилепбергенова, башкы ролдорду жараткан Таалайкан Абазова, Жасал Сейдакматова, Асан Аманов катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө фильмди тартууга катышкан айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана айылдык тургундарынын эмгеги белгиленди.