00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки жумада эки миллион тапкан кыргыз тасмалары: табит, киреше, демөөр

© Фото / Виолетта Савчиц"Аталар керээзи" тасмасынын режиссеру Дастан Жапар уулу. Архив
Аталар керээзи тасмасынын режиссеру Дастан Жапар уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда 100гө жакын түрдүү жанрдагы тасмалар тартылган. Алардын кээ бири өлкө ичинде гана таанылса, дагы бири эл аралык деңгээлдеги сынактарда татыктуу орундарга ээ болду.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстанда тартылып, көрөрмандардын назарына сунушталган тасмалардын басымдуу бөлүгү комедия жанрында тартылган. Киночулар бул жанрдагы тасмаларга демөөрчү табуу кыйла жеңил экенин белгилешет. 

Кинопродюсер Нурлан Жаныбеков бир жылда эле "Доктор Айболот", "Бир мешок акча" жана "Бажарики" комедиялык тасмаларын коомчулуктун назарына сунуштаган. Киночу бул жанрга ыктаганын суроо-талаптын жогору болушу менен түшүндүрдү. 

"Кыргызстандык көрүүчүлөр жеңил жана шайыр тасмаларды көп көрүшөт. Анан дагы башка жанрдагы фильмдерди тартууга салыштырмалуу аз каражат талап кылынат. Мындан улам азыр көпчүлүк киночулар комедия тартууга өтө баштады", — деди Жаныбеков. 

АКШда эмгектенген кыргызстандык актер Досберген Козугулов - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Канадада ат ойноткон "Карахан": кыргыз каскадерлорго эч ким жетпейт
Ал эми "Манас" кинотеатрынын маркетологу Максат Байышовдун айтымында, акыркы мезгилде жарандар тасманын маани-маңызына, сапатына көңүл бура баштаганын байкоого болот. 

"Мисалга азыр "План Б", "Бажарики" кинокомедияларына көп адам келип жатат. Ошондой эле "Үркүн" тарыхый-көркөм тасмасына келгендер дагы аз эмес. Көрөрмандар аз келген тасмалар дагы бар. Алар чоң экранда жада калса бир жумадай дагы кармалбайт, бат эле алып салабыз",— деди Байышов. 

Киночулар бул жанрдагы тасмалардан жакшы киреше табууга болорун белгилешти. Мисалга "План Б" үй-бүлөлүк комедиясын тарткандар 15 күнгө жетпей эле 35 миң доллар табышкан. 

"Үй-бүлөлүк комедия 35 миң долларга тартылган. Эки жума ичинде эле тасма өзүн-өзү актады. Учурда дагы көп көрүлүп жаткан тасмалардын катарына кирип, киреше табууну улантууда", — деди тасманын продюсери Бакыт Осмонканов.

"Ата керээзи" тасмасынын продюсери Дастан Жапар уулу демөөрчүлөр сарптаган акчасын тез эле кайтарып алууга кызыкдар болгондуктан башка жанрдагы тасмаларды көп колдобой тургандыктарын белгиледи. 

Афиша фильма Уркун на одном из кинотеатров Бишкека - Sputnik Кыргызстан
"Үркүн" тасмасы Кыргызстанды түрө кыдырып чыгат
"Ата керээзи" тасмасын тартуу үчүн демөөрчү табуу кыйынга турду. Каржы булагын издөөгө эле эки жыл кетирдик. Кыргызстанда автордук же көркөм тасмаларды тартууга караганда, коммерциялык тасмаларга акча бат табылат экен. Канчалаган компанияга кайрылдык, жакшы жооп ала алган жокпуз. Мамлекеттик колдоо дагы аз болгондуктан, жеке тараптардын каржылык колдоосун пайдаланып, тасманы бүтүрдүк", — деди Жапар уулу. 

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшеванын пикиринде, учурда чыккан тасмалардын айрымдарын гана сапаттуу деп атаса болот. 

"Быйылкы жылы Кыргызстанда чыккан толук метраждуу тасмалардын ичинен "Ата керээзи" тасмасын сапаттуу деп атаса болот. Калгандары акча табуу максатында көмүскө иштеп жатышат. Ачык-айкын иштегендер саналуу гана. Көрөрмандар деле эптеп-септеп тартылган тасмаларга барбай калышты", — деди Төлөмүшева. 

© Фото / Дастан Жапар уулу"Ата керээзи" тасмасынан кадр
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасынан кадр

Ал эми кинопродюсер Нурлан Жаныбеков ата мекендик тасмалардын деңгээли акырындык менен жогорулап жатканын белгиледи. 

"Биз бир тасманы 30 миң долларга тарттык десек башка өлкөнүн киночулары күлүшөт. Россия менен Казакстандагы кесиптештер "бизде бир актердун эле гонорары 30 миң доллар" деп шылдыңдашат. Ага карабай кыргызстандык киночулар маани-маңызы күчтүү, сапаттуу тасмаларды чыгарууга аракет кыла баштады. Себеби ар бир тасманы чыгарган сайын андагы кемчиликтерди эске алып, деңгээлди өстүрүүгө аракет болот экен",— деди Жаныбеков.

Ника киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" "Ника", Садык Шер-Нияз, Элина Абай кызы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлдү
Белгилей кетсек, Кинематография департаментинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкө аймагында толук метраждуу 22, кыска метраждуу 28 жана даректүү 34 тасма тартылган. Ал эми ар кандай жанрда тартылган тасмалардын саны 100гө жеткен. 

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдагы дүйнө жүзүндөгү кассалуу тасмалардын сап башында "Первый мститель: противостояние" тасмасы турат. Киночулар бул тасманы жаратууга 250 миллион доллар сарптап, 1 миллиард 100 миллион доллардан ашык киреше табышкан. Ал эми "В поисках Дори" мультфильмин тартууга 200 миллион доллар кетсе, прокаттан 1 миллиардан ашык каражат түшкөн. Үчүнчү орунда көрөрмандарга сунушталган "Зверополис" мультфильми турат. Аны тартууга 150 миллион доллар коротулуп, кирешеси бир миллиарддан ашкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0