Түндөн чыкпай калган мекендештер. Учак алааматынын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы көзгө басар эл аралык "Манас" аба майданына 1,5 чакырым аралыктагы аймакка жүк ташыган Boeing-747 учагы эртең мененки 7.18де кулаган. Ал 315 үйлүү Дача-Суу айылындагы 31 адамдын өмүрүн алды. Өксүткөн кабардагы мерт кеткендердин 12си бала деген өзөктү өрттөгөн маалыматты жазууга аргасыз болдук.

Министрликке суук кабар 7.31де келип түшкөн. Дүңүнөн берилип, жүрөктү түпөйүл кылган кабарда алгач "Эл аралык "Манас" аэропортунун жанында учак кыйрады" деп айтылды. Бишкек убактысы боюнча саат 7.25те конот деген лайнер кырсыкка учураганы тууралуу маалымат ӨКМге саат 7.31де келип түшкөн. Алгач өрт өчүрүүчү төрт унаа жиберилген.

Өкмөт мүчөлөрү жөнөдү. Өрт өчүрө турган унаалардын саны 16га жетти. Учак кулап түшкөн жерге биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана транспорт министри Жамшитбек Калилов жөнөп кеткен

Каражолтой катар 16 сандары. 16-январда кулаган учак басып калган айылда каза болгондордун саны, алгач 16 адам деп айтылды. Анын алтоосу кичинекей балдар дешти. Кырсык болгон жерге 16 техника тартылганы кабарланды. 

Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кандай авиакырсыктар катталган — 12 окуя
"Манас" убактылуу жабылды. Кырсыктан бир саат өткөндөн кийин эл аралык "Манас" аэропорту ишин убактылуу токтотту деген маалымат түштү. 

Бул балээлүү Boeing "Манаска" кайдан келген? Жүк ташуучу учак Гонконгдон Стамбулга бара жатып, Кыргызстандын аймагына май куюу үчүн кайрылганы айтылды

Жүк кимдики, лайнер кимге тиешелүү? Кулаган Boeing-747 аба кемеси "Turkish Airlines" компаниясына тиешелүү эмес болуп чыкты. Маалыматтарда алгач "Түрк аба жолдору" деп аталган компаниясына таандык деп айтылган. Аталган ишканадан Boeing-747 жүк ташуучу эл аралык каттамдарды аткарган MyCargo Airlines авиакомпаниясына тиешелүү экендигин айтышты. 

Көңүл ачуучу программалар токтотулду. КТРКнын эфиринен бардык көңүл ачуучу көрсөтүүлөр алынды. Бул туурасында аталаган телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди. 

Кырсыкты иликтеген комиссия түзүлдү. Аны биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев жетектемей болду. Ал эми Башкы прокуратура учактын кулашы боюнча кылмыш ишин козгоду. Абулгазиев учактын кыйрашы учкучтардын катасынан улам болушу мүмкүн экенин айтты.

Аба майданда каттамдар кайрадан жанданды. Ал арада "Манас" эл аралык аэропортунда эл аралык жана өлкө ичиндеги каттамдар жанданып, саат 13.30дан тарта кадимки калыбында иштөөгө өтүп, каттамдарды кабыл ала баштады. 

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
Кулаган учакты башкаргандар ким эле? "Манас" аэропорту жакка кулаган лайнердин учкучтарынын аты белгилүү болду. Экипаждын бардыгы Түркиянын жарандары экени аныкталды. Капитаны Ибрагим Гүржан, экинчи учкуч Казым Өндүл жана жүк ташуучулар Мелих Ослан менен Ихсан Кожа аттуу адамдар болгон. Казым Өндүл 2009-жылы Афганистанда кызмат кылган жана ошол учурдагы АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тарабынан ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланганы белгилүү болду.

12 бала, 12 бөбөк… Эл аралык "Манас" аба майданына жакын жерде кулаган аба судносунан 31 адам каза тапса, анын ичинен 12си балдар болуп чыкты

"Канаты күйүп, кулап келе жаткан учак – кыяматтай көрүндү". Авиакырсыктын күбөсү учактын канаты күйүп келатып кулап түштү деп айтып берген. "Аэропорт тараптан самолеттун бир жак канаты кыпкызыл болуп күйүп келатып эле бизден алысыраак жерге барып кулап түштү. Чынын айтсам, ал учур мага кыяматтай болуп көрүндү, жүрөгүм түшүп, неберелеримди алып үйгө карай чуркадым", — деп айтып берген Дача-Суу айылынын тургуну Мария Атабаева. 

Кулаган үйдөн аман калган үй-бүлө. Ал эми эки баланын энеси Бактыгүл Кубатова кырсык үйүн түп орду менен алып кетип, бирок бир керемет менен аман калганын айтып берди. Шок абалындагы бул аял "ыйларымды же күлөрүмдү билбей турам" деди. 

Өчөшкөнсүп улам өскөн сандар. Бул учурда жүрөктө оорутуп, азалуу сандар өчөшкөнсүп улам өсө баштады. Алгач 20 адам дешти, андан соң 28, анан 34 деп айтылды. Өкмөт расмий маалыматтарда каза болгондордун саны 31 деп бере баштады. Ылайым, азайсынчы… 

© Sputnik / Екатерина МихайловаКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"

Өлүккананын короосунда өксүгөн аялдар менен энелер. Каза болгондордун жакындары Республикалык соттук-медициналык экспертизанын бюросунун алдына кырсыктан көз жумгандардын сөөктөрүн таануу үчүн келди. "Айлана ыйга толуп кетти. Аларга ыктыярчылар колунан келишинче жардам көрсөтүүдө",  — деп билдирди кабарчыбыз. 

Учак кырсыгынан жабыркагандардын аты-жөнү такталды. Бишкек шаарындагы ооруканаларга 11 адам жактырылган. 

Элден айланса болот. Соцтармакта учак кырсыгынан жабыркагандарга материалдык жардам чогултула баштады. Буга замандаштарыбыз кайдыгер карабай, каражат, кийим, буюм-тайымдарды чогулутуп жатат. Жардамдар кофейняларга, бир катар соода борборлоруна, базарларга топтолууда. Бул жерде телефон номурлар кошо жазылган. 

Кандай болуп кетти, эмнеден?

Борт инженер Boeing-747 учагы тууралуу айтып берди. Көп жылдан бери бортинженер болуп эмгектенген Үрүстөм Жусупбеков "Boeing 747 үлгүсүндөгү учактар абдан заманбап учак экенин айтып берди. "Аны автопилотко коюп койсо өзү деле конгонго жөндөмдүү. Кырсыкка учактын бузуктугу же учкучтардын тиешеси болушу ыктымал. Кырсыкка болушуна аба ырайынын шарты да таасир берсе керек", — деди ал. 

"Манас" аэропортунун жака белиндеги Boeing-747 учагынын кыйрашы
Манас аэропортунун жака белиндеги Boeing-747 учагынын кыйрашы - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунун жака белиндеги Boeing-747 учагынын кыйрашы

Конуу тилкесинен жарым чакырым учуп өтүп, кырсыктаган. Жарандык авиация Boeing-747 учагынын конушуна туман жолтоо болгон эмес деген пикирин айтты. "Учак туман каптаган аба ырайынын шартында конууга аракет кылган. Ал чыгыштан батышты көздөй учуп келип конууга аракет кылган. Конуу тилкесинен жарым чакырым учуп өтүп, жерге урунган", — деди Жарандык авиациянын өкүлү Жунушалиев.

Сотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыкта каза болгондордун өздүгүн аныктоого жарандардын жардамы керек
Эртең, 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү. Бул боюнча Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Бул күнү дүйнө борбору Кыргызстанга, андагы алакандай болгон Дача-Суу айылына багытталып турат…. 

PS: Бүгүнкү басып турган, зылдай оор маалыматтардын ичинен жүрөктү түпөйүл кылган "Список погибших формируется" деген сүйлөм болду. Айла жок, тизмени да жарыялайбыз, жакында…

Жаңылыктар түрмөгү
0