https://sputnik.kg/20261119/1105012068.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында карылар маселелери боюнча кеңеш түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте "Кыргызстанда калктын... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T19:00+0600
2026-11-19T19:00+0600
2026-11-19T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105011902_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d72ec74410802450cc79f8f9bb63e485.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында карылар маселелери боюнча кеңеш түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте "Кыргызстанда калктын улгайышы жана жакырчылык" аттуу аналитикалык серептин презентациясында эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди. Анын айтымында, ошондой эле демографиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен активдүү узак жашоо саясатын иштеп чыгуу улантылат. Калктын улгайышы маселеси 2030-жылга чейин иштелип жаткан улуттук өнүктүрүү планында камтылган. Министрлик геронтология тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы демилгелерди да колдоп келет.
"Бишкек аренанын" башкы артыкчылыгы — футбол. 2027-жылга концерттер азырынча пландалган жок. Бул тууралуу стадиондун директору Нурмухаммед Эшматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.Анын айтымында, стадиондун жетекчилиги Кыргыз футбол биримдиги менен Азия футбол конфедерациясынан оюндардын жадыбалын күтүп жатат."Башкы артыкчылык — футбол. Стадиондо оңдоо иштери башталды. Учурда жер даярдалып, таштардан тазаланууда. Алгач талааны сугаруу үчүн түтүктөр орнотулуп, жазында газон себилет", — деди Эшматов.
Россия, АКШ жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпин үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларация кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Жолугушуу 18-19-ноябрь күндөрү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өттү. Үч мамлекеттин башчылары дүйнөдөгү абалды талкуулап, эл аралык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого даяр экенин билдиришти.Биргелешкен декларациянын негизги жоболоруӨзөктүк коопсуздук. Лидерлер өзөктүк согушта жеңүүчү болбой турганын жана ал эч качан башталбашы керектигин айтышты. Ошондой эле Россия, КЭР жана АКШ өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө боюнча диалогду улантышмакчы; Эл аралык соттор жана расмий адамдардын корголушу. Үч лидер тең Эл аралык кылмыш соту сыяктуу уюмдар өз укуктарын ашыкча пайдаланбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле мамлекеттик жетекчилердин жана расмий кызматкерлердин кол тийбестигин сактоо маанилүү экени айтылды; Энергетика. Бардык мамлекеттерге ыңгайлуу болуш үчүн мунай продуктуларын өндүрүп, өз убагында жеткирүү пландалды; БУУну реформалоо. Уюм глобалдык чакырыктарга натыйжалуураак жооп кайтара алышы үчүн БУУну реформалоону үч тарап тең жактап чыкты.
Үч тараптуу саммит ачык-айкын форматта өтүп, тараптарга бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп жана Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. РФ башчысынын айтымында, Кытайдын жетекчиси орчундуу маселелер боюнча ээн-эркин пикир алышууга ыңгайлуу шарт түзө алды. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө, коопсуздук, кемелердин эркин каттоосун камсыздоо маселелери боюнча сөз болгону айтылды. Путин Трамп Украинадагы жана башка жаңжалдарды чечүүгө чын дилинен аракет кылып жатканына шектенбей турганын айтты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында карылар маселелери боюнча кеңеш түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте "Кыргызстанда калктын улгайышы жана жакырчылык" аттуу аналитикалык серептин презентациясында эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди. Анын айтымында, ошондой эле демографиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен активдүү узак жашоо саясатын иштеп чыгуу улантылат. Калктын улгайышы маселеси 2030-жылга чейин иштелип жаткан улуттук өнүктүрүү планында камтылган. Министрлик геронтология тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы демилгелерди да колдоп келет."Бишкек аренанын" башкы артыкчылыгы — футбол. 2027-жылга концерттер азырынча пландалган жок. Бул тууралуу стадиондун директору Нурмухаммед Эшматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.Анын айтымында, стадиондун жетекчилиги Кыргыз футбол биримдиги менен Азия футбол конфедерациясынан оюндардын жадыбалын күтүп жатат."Башкы артыкчылык — футбол. Стадиондо оңдоо иштери башталды. Учурда жер даярдалып, таштардан тазаланууда. Алгач талааны сугаруу үчүн түтүктөр орнотулуп, жазында газон себилет", — деди Эшматов. Россия, АКШ жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпин үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларация кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Жолугушуу 18-19-ноябрь күндөрү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өттү. Үч мамлекеттин башчылары дүйнөдөгү абалды талкуулап, эл аралык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого даяр экенин билдиришти.Биргелешкен декларациянын негизги жоболоруӨзөктүк коопсуздук. Лидерлер өзөктүк согушта жеңүүчү болбой турганын жана ал эч качан башталбашы керектигин айтышты. Ошондой эле Россия, КЭР жана АКШ өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө боюнча диалогду улантышмакчы; Эл аралык соттор жана расмий адамдардын корголушу. Үч лидер тең Эл аралык кылмыш соту сыяктуу уюмдар өз укуктарын ашыкча пайдаланбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле мамлекеттик жетекчилердин жана расмий кызматкерлердин кол тийбестигин сактоо маанилүү экени айтылды; Энергетика. Бардык мамлекеттерге ыңгайлуу болуш үчүн мунай продуктуларын өндүрүп, өз убагында жеткирүү пландалды; БУУну реформалоо. Уюм глобалдык чакырыктарга натыйжалуураак жооп кайтара алышы үчүн БУУну реформалоону үч тарап тең жактап чыкты.Үч тараптуу саммит ачык-айкын форматта өтүп, тараптарга бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп жана Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. РФ башчысынын айтымында, Кытайдын жетекчиси орчундуу маселелер боюнча ээн-эркин пикир алышууга ыңгайлуу шарт түзө алды. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө, коопсуздук, кемелердин эркин каттоосун камсыздоо маселелери боюнча сөз болгону айтылды. Путин Трамп Украинадагы жана башка жаңжалдарды чечүүгө чын дилинен аракет кылып жатканына шектенбей турганын айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105011902_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_032072a8d3c37031aed8f127f58e31c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио