https://sputnik.kg/20261120/1105016194.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T08:59+0600
2026-11-20T08:59+0600
2026-11-20T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105016028_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d6bcba6322e311fd4435003c7b12d9cc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бул жайыттарды калыбына келтирүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлөт. "Өлкөдөгү табигый жайыттардын жалпы аянты 8 млн 985 миң гектардан ашат. Анын 184 миң гектардан ашыгы деградацияга учураган", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин 1 млн гектар жайытты эс алдыруу, жайыт жолдорун, көпүрөлөрдү жана мал сугаруучу жайларды оңдоо пландалууда.
Кыргызстанда улгайгандарды коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алган тең укуктуу жарандар катары кароо керек. Бул тууралуу БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, улгайган адамдардын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн коомдун өнүгүүсүнө пайдалануу маанилүү. Бул калктын картаюусунан улам жаралган кыйынчылыктарды гана эмес, анын экономикалык жана социалдык жактан бере турган мүмкүнчүлүктөрүн да эске алууну билдирет. Кайназаров изилдөө калктын картаюусуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого, артыкчылыктуу багыттарды белгилөөгө жана кайсы тармактарга кошумча каражат бөлүү керектигин түшүнүүгө жардам берерин айтты. Изилдөөгө ылайык, 2026-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагылар калктын 6,4 пайызын түзгөн. Бирок Кайназаров миграциялык процесстерди эске алганда бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө бекитилген демографиялык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун маанисине токтолуп, улгайган адамдардын кеңешин түзүү демилгесин колдоду.
. Бишкекте жыл сайын өтүүчү Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышынын уюштуруучулары "Илбирс" фондуна ак илбирстерге байкоо жүргүзүү үчүн үч даана атайын дүрбү тапшырды. Бул тууралуу аны уюштурган Nomad Sport компаниясынан билдиришти. Маалымдалгандай, оптикалык жабдууларды былтыр 5,5 миң адам катышкан марафондон түшкөн акчага алышкан. Алар жаныбарларды алыстан үркүтпөй байкоого жана санын так эсептөөгө жардам берет. Дүрбү алысты 20-60 эсеге чейин жакындатып көрсөтөт. Корукчулар жаныбарлардын тынчын албастан ыраактан байкоо жүргүзүү үчүн ушундай жабдууларга муктаж экенин айтышкан. "Илбирс" фондунун директору Заирбек Кубанычбековдун айтымында, мындай жабдуулар менен алар ак илбирстерге гана эмес, аркар, тоо эчки, элик, марал жана башка жаныбарларга да байкоо жүргүзүшөт. Жаныбарлар көбүнчө алыс аралыкта жүргөндүктөн аларды эсепке алууда атайын оптикалык каражаттар колдонулат.Белгилей кетсек, Bishkek Snow Leopard Run быйыл жетинчи жолу өткөрүлүп, эл аралык макамга ээ болду. Марафондун уюштуруучулары буга чейин чогулган каражатка ак илбирстерди байкоо үчүн 32 фотокапкан, Жаратылыш ресурстары министрлигине "Нива" үлгүсүндөгү унаа жана өлкөдөгү 90дон ашык токойчуга а
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бул жайыттарды калыбына келтирүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлөт. "Өлкөдөгү табигый жайыттардын жалпы аянты 8 млн 985 миң гектардан ашат. Анын 184 миң гектардан ашыгы деградацияга учураган", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин 1 млн гектар жайытты эс алдыруу, жайыт жолдорун, көпүрөлөрдү жана мал сугаруучу жайларды оңдоо пландалууда.Кыргызстанда улгайгандарды коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алган тең укуктуу жарандар катары кароо керек. Бул тууралуу БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, улгайган адамдардын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн коомдун өнүгүүсүнө пайдалануу маанилүү. Бул калктын картаюусунан улам жаралган кыйынчылыктарды гана эмес, анын экономикалык жана социалдык жактан бере турган мүмкүнчүлүктөрүн да эске алууну билдирет. Кайназаров изилдөө калктын картаюусуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого, артыкчылыктуу багыттарды белгилөөгө жана кайсы тармактарга кошумча каражат бөлүү керектигин түшүнүүгө жардам берерин айтты. Изилдөөгө ылайык, 2026-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагылар калктын 6,4 пайызын түзгөн. Бирок Кайназаров миграциялык процесстерди эске алганда бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө бекитилген демографиялык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун маанисине токтолуп, улгайган адамдардын кеңешин түзүү демилгесин колдоду.. Бишкекте жыл сайын өтүүчү Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышынын уюштуруучулары "Илбирс" фондуна ак илбирстерге байкоо жүргүзүү үчүн үч даана атайын дүрбү тапшырды. Бул тууралуу аны уюштурган Nomad Sport компаниясынан билдиришти. Маалымдалгандай, оптикалык жабдууларды былтыр 5,5 миң адам катышкан марафондон түшкөн акчага алышкан. Алар жаныбарларды алыстан үркүтпөй байкоого жана санын так эсептөөгө жардам берет. Дүрбү алысты 20-60 эсеге чейин жакындатып көрсөтөт. Корукчулар жаныбарлардын тынчын албастан ыраактан байкоо жүргүзүү үчүн ушундай жабдууларга муктаж экенин айтышкан. "Илбирс" фондунун директору Заирбек Кубанычбековдун айтымында, мындай жабдуулар менен алар ак илбирстерге гана эмес, аркар, тоо эчки, элик, марал жана башка жаныбарларга да байкоо жүргүзүшөт. Жаныбарлар көбүнчө алыс аралыкта жүргөндүктөн аларды эсепке алууда атайын оптикалык каражаттар колдонулат.Белгилей кетсек, Bishkek Snow Leopard Run быйыл жетинчи жолу өткөрүлүп, эл аралык макамга ээ болду. Марафондун уюштуруучулары буга чейин чогулган каражатка ак илбирстерди байкоо үчүн 32 фотокапкан, Жаратылыш ресурстары министрлигине "Нива" үлгүсүндөгү унаа жана өлкөдөгү 90дон ашык токойчуга а
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105016028_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_948843617d7343175c39ffd0d27a8679.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио