https://sputnik.kg/20261120/1105025024.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Түркмөнстандан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T13:00+0600
2026-11-20T13:00+0600
2026-11-20T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105024857_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6ed5b34aee033de51a12b89b0cb83b9e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Түркмөнстандан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.Ал мунай продуктуларын жеткирүү боюнча мамлекеттик компаниялардын ортосунда келишим түзүүнү сунуштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, январь–август айларында Кыргызстан Түркмөнстандан 1,2 миллион литр бензин импорттогон. Бул жалпы импорттун 0,3 пайызын түзөт.Ошондой эле жыйында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өнүктүрүү, энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы кызматташтык талкууланды.Мындан тышкары, Кыргызстан Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун жүк ташууда кеңири пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди. Ал аркылуу Каспий деңизинин жээгиндеги өлкөлөргө жана Европага жүк жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.Акунбековдун айтымында, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулгандан кийин Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан аркылуу Европага жүк ташуучу жаңы каттамды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Түркмөн тарап кыргызстандык жүк ташуучуларга Түркмөнбашы портун пайдаланууда тиешелүү шарттарды жана жеңилдиктерди берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле тараптар айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, илим, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Түркия жана дагы 14 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Палестинанын жерлерине курулуп жаткан израилдик конуштарга каршы Улуу Британия менен Австралиянын санкцияларын колдоп, башка мамлекеттерди да ушундай чектөөлөрдү киргизүүгө чакырышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Түркиянын ТИМи жарыялаган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, министрлер басып алынган палестиналык аймактарда израилдик конуштарды курууга катышкан компанияларга каршы чектөөлөрдү кубатташкан.Буга чейин Улуу Британия Иордан дарыясынын батыш жээгинде иштеген сегиз израилдик курулуш компаниясына санкция киргизген. Ошондой эле Лондон Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдук кылган уюмга карата чектөө чараларын кабыл алган.Биргелешкен билдирүүгө Түркия, Алжир, Египет, Индонезия, Иордания, Кувейт, Ливия, Мальдив аралдары, Нигер, Пакистан, Палестина, Катар, Сауд Арабиясы, Сомали жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) өкүлдөрү кол коюшкан.
Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташуунун алкагында берилди.Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда. Быйыл аталган программанын жардамы менен дагы 35 мектепте жана 16 бала бакчада ысык тамак бериле баштаган. Учурда бул демилге өлкөдөгү миңден ашык мектепте окуган 500 миңден ашуун баланы камтыйт.
Кыргызстан Түркмөнстандан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.Ал мунай продуктуларын жеткирүү боюнча мамлекеттик компаниялардын ортосунда келишим түзүүнү сунуштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, январь–август айларында Кыргызстан Түркмөнстандан 1,2 миллион литр бензин импорттогон. Бул жалпы импорттун 0,3 пайызын түзөт.Ошондой эле жыйында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өнүктүрүү, энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы кызматташтык талкууланды.Мындан тышкары, Кыргызстан Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун жүк ташууда кеңири пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди. Ал аркылуу Каспий деңизинин жээгиндеги өлкөлөргө жана Европага жүк жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.Акунбековдун айтымында, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулгандан кийин Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан аркылуу Европага жүк ташуучу жаңы каттамды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Түркмөн тарап кыргызстандык жүк ташуучуларга Түркмөнбашы портун пайдаланууда тиешелүү шарттарды жана жеңилдиктерди берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле тараптар айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, илим, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Түркия жана дагы 14 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Палестинанын жерлерине курулуп жаткан израилдик конуштарга каршы Улуу Британия менен Австралиянын санкцияларын колдоп, башка мамлекеттерди да ушундай чектөөлөрдү киргизүүгө чакырышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Түркиянын ТИМи жарыялаган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, министрлер басып алынган палестиналык аймактарда израилдик конуштарды курууга катышкан компанияларга каршы чектөөлөрдү кубатташкан.Буга чейин Улуу Британия Иордан дарыясынын батыш жээгинде иштеген сегиз израилдик курулуш компаниясына санкция киргизген. Ошондой эле Лондон Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдук кылган уюмга карата чектөө чараларын кабыл алган.Биргелешкен билдирүүгө Түркия, Алжир, Египет, Индонезия, Иордания, Кувейт, Ливия, Мальдив аралдары, Нигер, Пакистан, Палестина, Катар, Сауд Арабиясы, Сомали жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) өкүлдөрү кол коюшкан.Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташуунун алкагында берилди.Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда. Быйыл аталган программанын жардамы менен дагы 35 мектепте жана 16 бала бакчада ысык тамак бериле баштаган. Учурда бул демилге өлкөдөгү миңден ашык мектепте окуган 500 миңден ашуун баланы камтыйт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105024857_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c089bf286c32d77ca313c86fa4f1757.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио