https://sputnik.kg/20261119/1104985703.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12,5–13 миллионго жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T08:59+0600
2026-11-19T08:59+0600
2026-11-19T11:06+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104985537_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b93261e5ca673b8586f704e4de0e425.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12,5–13 миллионго жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө келген чет өлкөлүк жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2021-жылы Кыргызстанга 3 млн 600 миң адам келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 миллион адамга жеткен. "Быйыл өлкөнүн эл аралык туристтик имиджин илгерилетүүдө ири спорттук иш-чаралар жана жаңы инфраструктуралык долбоорлор маанилүү роль ойноду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылы 19 өлкө катышса, быйыл катышуучу өлкөлөрдүн саны 109га жетти. Борбор калаадагы 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу заманбап "Бишкек Аренанын" ачылышы да маанилүү болду", – деди ал. Министрлер кабинетинин төрагасы маалымдагандай, 2025-жылы туризм тармагындагы дүң кошумча нарктын көлөмү 74,4 млрд сомду түздү.
Кыргызстанда кийинки жылы пенсия кыйла жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, быйыл пенсияны 7 пайызга көтөрүү үчүн 1,3 миллиард сом бөлүү пландалган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү көлөмүн эске алуу менен пенсияны 20 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.Депутат Дастан Бекешев социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциядан улам ал анча сезилбей калып жатканын белгиледи. Фонддун төрагасы мыйзам боюнча пенсияны индексациялоодо өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Ага ылайык, быйыл пенсия 13 пайызга жогорулашы керек болчу, бирок Социалдык фонд аны 20 пайызга көтөргөн.
Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөп жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тизмеге Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кошулмакчы. Мындан тышкары, буга чейин тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө киргенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз жүрө алышат. Документте бул өзгөртүүлөр чет өлкөлүк туристтерди көбүрөөк тартууга жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганы белгиленген. Айрыкча 45-60 күнгө созулган бийик тоолуу альпинисттик экспедицияларга ыңгайлуу шарт түзүү максаты коюлган. Ушу тапта Кыргызстандын бир тараптуу визасыз режим тизмесинде 55 мамлекет бар, ал эми эки тараптуу макулдашууларды жана ЕАЭБ мамлекеттерин эске алганда республикага 75 өлкөнүн жарандары кирип чыга алат.
Быйыл жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12,5–13 миллионго жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөгө келген чет өлкөлүк жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2021-жылы Кыргызстанга 3 млн 600 миң адам келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 миллион адамга жеткен. "Быйыл өлкөнүн эл аралык туристтик имиджин илгерилетүүдө ири спорттук иш-чаралар жана жаңы инфраструктуралык долбоорлор маанилүү роль ойноду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылы 19 өлкө катышса, быйыл катышуучу өлкөлөрдүн саны 109га жетти. Борбор калаадагы 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу заманбап "Бишкек Аренанын" ачылышы да маанилүү болду", – деди ал. Министрлер кабинетинин төрагасы маалымдагандай, 2025-жылы туризм тармагындагы дүң кошумча нарктын көлөмү 74,4 млрд сомду түздү.Кыргызстанда кийинки жылы пенсия кыйла жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, быйыл пенсияны 7 пайызга көтөрүү үчүн 1,3 миллиард сом бөлүү пландалган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү көлөмүн эске алуу менен пенсияны 20 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.Депутат Дастан Бекешев социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциядан улам ал анча сезилбей калып жатканын белгиледи. Фонддун төрагасы мыйзам боюнча пенсияны индексациялоодо өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Ага ылайык, быйыл пенсия 13 пайызга жогорулашы керек болчу, бирок Социалдык фонд аны 20 пайызга көтөргөн.Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөп жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тизмеге Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кошулмакчы. Мындан тышкары, буга чейин тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө киргенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз жүрө алышат. Документте бул өзгөртүүлөр чет өлкөлүк туристтерди көбүрөөк тартууга жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганы белгиленген. Айрыкча 45-60 күнгө созулган бийик тоолуу альпинисттик экспедицияларга ыңгайлуу шарт түзүү максаты коюлган. Ушу тапта Кыргызстандын бир тараптуу визасыз режим тизмесинде 55 мамлекет бар, ал эми эки тараптуу макулдашууларды жана ЕАЭБ мамлекеттерин эске алганда республикага 75 өлкөнүн жарандары кирип чыга алат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104985537_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eba5b9aaef4a69ac980d90a6789adc29.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио