00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
129 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Сахнаны гана эмес, аялдык бакытын да аздектеген Асылкүл Набиева
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровго туугандары кайрылган эки кыргызстандыкка ырайым берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) тастыкташты.Биринчиси — жол инспекторуна эки миң сом пара сунуштаганы үчүн эки жылга кесилип кеткен Жалал-Абад облусунун тургуну. Анын уулу өлкө башчысы Тогуз-Торо районуна барганда Садыр Жапаровго кайрылган.Жогорку сот берген маалыматка караганда, 2025-жылы айдоочулук күбөлүгү жана документтери жок мотоцикл айдап жүргөн өспүрүм кармалып, унаа айып корооuj токтотулган. Атасы мотоциклди протокол түзбөстөн кайтарып алуу үчүн жол кайгуул бөлүмүнүн башчысына 2 миң сом берген. Токмок шаардык соту аны актаган, бирок Чүй облустук соту прокурордун сунуштамасы менен бул өкүмдү жокко чыгарган. Анын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио жана видеодалилдер менен толук тастыкталган. Экинчиси — агасына донор болуп, бөйрөгүн бериши керек болгон жаран. Ал экстремизм боюнча соттолгону айтылган. Президентке кайрылган агасы иниси негизсиз айыпталып, жети жылдан бери жаза өтөп жатканын билдирген. Сот аны жалпысынан 10 жылга эркинен ажыраткан болчу.Жазаларды аткаруу кызматынан эки жаран тең ырайым алып, бошотулганын билдиришти.
Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Эске салсак, Чыңгыз Эсенгул уулу 2021–2025-жылдары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, андан соң биринчи орун басары болуп эмгектенген. Тагыраагы, аталган кызматка экинчи ирет дайындалды. Ал соңку мезгилде Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалап келген. Маданият министринин мурдагы биринчи орун басары Союзбек Надырбеков бир нече күн мурда аталган кызматтан кеткен.
Москвада чет элдик журналисттер жана блогерлер үчүн V Эл аралык "Честный взгляд" медиасыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды. Финалисттердин катарында кыргызстандык журналист Марина Гречанная да болду."Караван-Инфо" басылмасынын өкүлү "Экономикалык жана социалдык өнөктөштүк тууралуу мыкты материал" номинациясында жеңишке жетти. Россотрудничество аталган сыйлыкты 2022-жылдан бери өткөрүп келет. Анын максаты — Россия менен болгон маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты чагылдырган авторлорду колдоо. Беш жыл ичинде сыйлыктын географиясы үч эсеге кеңейди. Бул жолу 85 өлкөдөн 800дөн ашуун журналист жана блогер билдирме тапшырып, Москвадагы салтанаттуу аземге 100гө жакын номинант чакырылды.Сыйлыктын жалпы байге фонду 7 миллион рублди түздү.
АКШ лидери Дональд Трамп Европа башчыларын Россия менен макулдашууга чакырды. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, АКШ президенти учакта баратып, атайын өкүлү жана күйөө баласы Жаред Кушнердин уюлдук телефонуна чалган. Ал ошол учурда Стив Уиткофф менен чогуу Берлиндеги "каалоочулар коалициясынын" жыйынында болчу. Трамп телефон аркылуу Украинага кеткен каражатты өз мамлекеттерине бурууга үндөгөн."Бирок Европа лидерлери, анын ичинде Германия канцлери Фридрих Мерц, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск Трамптын чакырыгына күмөндүү карап, Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдиришти", — деп жазылат жаңылыкта.
Жаңылыктар түрмөгү
0