00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Как привлечь инвестиции в Кыргызстане: советы экспертов и возможности для бизнеса
16:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жубайлардын ортосунда эмоционалдык алыстоо эмнеден башталат?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстан возглавит ассоциацию конституционных судов Азии. Зачем это нужно?
18:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, бул убакытта алар жумушка бир саат кечигип келүүгө же жумуштан бир саат эрте кетүүгө укуктуу болушу мүмкүн. Мында эмгек акысы кыскартылбайт. Жеңилдик баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге гана эмес, аталарга, баланы асырап алган адамдарга жана камкорчуларга да тиешелүү болот. Мында кызматкердин баласы 14 жашка чыга элек болушу керек. Долбоордо күн сайын берилүүчү бир саат жумуш убактысынын бир бөлүгү катары эсептелери белгиленген. Башкача айтканда, кызматкер ал убакыт үчүн да толук айлык алат жана кийин аны кошумча иштеп берүүгө милдеттүү болбойт. Колдонулбай калган сааттарды топтоп же анын ордуна акчалай компенсация алуу каралган эмес. Кызматкер бир саатты жумуш күнүнүн башында же аягында пайдалана алат. Башка убакта колдонуу иш берүүчү менен жазуу жүзүндө макулдашуу аркылуу чечилет.
Кыргызстанда улгайган адамдардын дээрлик бештен бири жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Тянь-Шань аналитикалык борборунун адам укуктары жана миграция боюнча долбоорлорунун координатору, эксперт Татьяна Злобина билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы улгайган адамдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 18,2 пайызды түзгөн. Салыштыра турган болсок, 2015-жылы бул көрсөткүч 21,8 пайыз, ал эми 2021-жылы 24,1 пайыз болгон. Ошол эле жылы өлкө боюнча жалпы жакырчылыктын деңгээли 25,7 пайыздын чегинде болчу. Айыл жеринде жашаган карылардын арасында жакырчылык шаардагыларга караганда көбүрөөк кездешет. Аймактарда бул көрсөткүч 21,7 пайыз болсо, шаарларда 12,9 пайызды түзгөн. Облус боюнча эң жогорку көрсөткүч Баткен облусунда катталган. Ал жакта улгайган адамдардын 29 пайызы жакырчылыктын чегинде жашайт. Нарын облусунда бул көрсөткүч 25,3 пайызды, Жалал-Абад облусунда 24,1 пайызды түзгөн. Ал эми Бишкекте улгайган адамдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 5,2 пайыздын тегерегинде.
Улуттук банк кечээ 207,1 млн доллар сатты Жыл башынан бери башкы банк баш-аягы 2 млрд 500,7 млн доллар саткан. Эң ири интервенция быйыл июнь айынын аягында болуп, 222 млн доллардан ашык каражат сатылган. Салыштырсак, былтыр Улуттук банк сомдун курсун колдоого 853 млн доллар сарптаган. Адатта доллар валюта курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу же рыноктогу чет элдик валютанын тартыштыгын жоюу үчүн сатылат.
АКШ президенти Дональд Трамп вице-президент Жей Ди Вэнстин Иран менен согушканы республикачылардын орто аралыктагы шайлоодо утулушуна себепкер болду деп айткандарын улам сындап келет. Бул туурасында New York Times басылмасы жазды. Мурдараак Вэнс Иранга каршы жасалган кадам республикачылардын жеңилишине негизги себеп болгон жагдайлардын бири экенин социлдык тармакка жазган. Анда Трамп мындай пикир экөөнүн мамилесине таасирин тийгизбегендигин айткан эле. Маалымат булактарынын айтымында, Вэнс Трамптын Иран менен согушуу боюнча кабыл алган чечиминин тууралыгын баса көрсөтүп, айтып-дебей, тескерисинче, мамлекеттик катчы Марко Рубио менен тирештирип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0