00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От Шелкового пути до критических минералов: почему Центральная Азия важна миру
14:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Как привлечь инвестиции в Кыргызстане: советы экспертов и возможности для бизнеса
16:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жубайлардын ортосунда эмоционалдык алыстоо эмнеден башталат?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Кыргызстан возглавит ассоциацию конституционных судов Азии. Зачем это нужно?
18:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен сегиз жылга узак жашайт. Бул тууралуу эксперт Татьяна Злобина Бишкекте өткөн "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы аялдардын орточо жашоо узактыгы 76,9 жашты, эркектердики 68,7 жашты түзгөн. Айырма — 8,2 жыл. Злобина белгилегендей, өлкөдө 65 жаштан өткөндөрдүн саны да көбөйүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстанда бул курактагы 475 миңден ашык адам жашаган. Алар жалпы калктын 6,4 пайызын түзгөн. Эксперттин белгилешинче, БУУнун критерийлерине ылайык, калктын 65 жаштан жогоркуларынын үлүшү 7 пайыздан ашса, өлкө демографиялык картаюу баскычына өткөн болуп эсептелет. Божомолдор боюнча, Кыргызстанда бул көрсөткүч 2030-жылга карата 7 пайыздан ашып, 2050-жылы калктын жалпы санынын 10 пайызына жетиши мүмкүн. Ошондой эле 2021-2025-жылдары эмгекке жарамдуу курактан өткөн адамдардын саны 24,8 пайызга көбөйгөн. Злобина бул курактагы калктын үчтөн экисин аялдар түзөрүн кошумчалады.
Россиялык депутаттар Бишкекте Ленинград курчоосунун азабын тарткандарды жана аларды баккан кыргызстандыктарды эскеришти.Кыргызстанга Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова жетектеген депутаттар келген. Алар Бишкекте Ленинград блокадачылары менен жолугуп, бирге барып Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликке гүл коюшкан. Ленинград блокадасы — Улуу Ата Мекендик согуштун эң трагедиялуу учурларынын бири. Тарыхта азыркыга чейин теңдеши жок 900 күнгө созулган курчоо жүз миңдеген жай тургундардын өмүрүн алган. Ленинграддыктардын эрдиги — согуштан кийинки тагдыры постсоветтик мейкиндиктеги ар кыл өлкөлөр менен байланышкан Евразия элдери үчүн жалпы тарыхый эскерүү. Ал эми аталган шаардан келген балдарды кыргызстандыктардын асырап, бакканы өзүнө кеп, өзүнчө тарых. Бул темага келгенде сап башына Токтогон Алтыбасарова дароо чыгат.
Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп АТЭС саммитинин алкагында Шэньчжэн шаарында жолукту. АКШ лидери бул жолугушуу бир топ оң натыйжа алып келиши керектигин айтып, жок дегенде ага негиз түзүшү мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле Путин менен көп жылдан бери эң сонун мамиледе экенин кошумчалады.Путин да Трамп менен жылуу учурашып, англис тилинде ыраазылыгын айтты.Андан соң ал ошол жерде турган мамлекеттик катчы Марко Рубио, финансы министри Скотт Бессент менен учурашты. Россия тараптан жолугушууга тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, финансы министри Антон Силуанов, ошондой эле президенттин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев катышты. Буга чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинин пленардык жыйынына катышкан. Бир күн мурун президенттин жардамчысы Юрий Ушаков бул сүйлөшүү жемиштүү жана мазмундуу болоруна үмүт арткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0