https://sputnik.kg/20261119/1104987439.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү пландоодоКытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС саммитинин пленардык жыйыны башталдыСадыр Жапаров... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T11:00+0600
2026-11-19T11:00+0600
2026-11-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104987273_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_42df9fb0d2a187774b5fcb40977465b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү пландоодоКытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС саммитинин пленардык жыйыны башталдыСадыр Жапаров элден, президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлерди колдоп коюуну өтүндү
Садыр Жапаров элге кайрылып, президенттик шайлоого аттанып жаткан башка талапкерлерди да колдоп коюуну өтүндү Ал талапкерлер менен жолугуп, шайлоо таза жана адилеттүү өтүшү керектигин белгилеген. Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайсы бир талапкерге эмес, элге кызмат кылууга чакырды. Жапаров элди "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол коюуга да чакырды. Кол коюу шайлоодо добуш берүү эмес экенин түшүндүрүп, 30 миң кол топтой элек талапкерлерге жардам берүүнү суранды. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн.
Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү пландоодо Минкаб тиешелүү токтомдун долбоорун даярдады. Максаты — туризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн туристтик жагымдуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Документке ылайык, 18 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга кирген күндөн тартып ар бир 120 күндүн ичинде 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Визасыз режим Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад, Тобаго жана Ямайканын жарандары үчүн сунушталууда.
Элдик курултайларда саламаттык сактоо тармагына берилген 250 тапшырманын 188и аткарылды же аткаруу баскычында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 101 тапшырма толук аткарылып, 87си боюнча иштер уланууда. Бул жалпы тапшырмалардын 75,2%ын түзөт. Аткарылган иштердин алкагында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейтилип, катетеризациялык лабораториялар ачылды. Ошондой эле облустук жана райондук ооруканалар компьютердик томографтар менен камсыздалууда. Мындан тышкары, быйыл медициналык мекемелерге 130га жакын тез жардам унаасы жеткирилди. Ал эми 2021-2025-жылдары 478 унаа сатып алынган. Учурда медициналык мекемелерди куруу, жабдууларын жаңылоо жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу иштери уланууда.
Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында куш тумоосунун жайылышына байланыштуу 26 миңден ашык үй канаттуусу жок кылынат. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, куш тумоосу штаттын Алаппужа районундагы эки чарбадан аныкталган. Вирус бөдөнө, өрдөк жана тооктордон табылган. Оорунун жайылышына жол бербөө үчүн аймакта 6 ыкчам топ иштеп жатат. Дагы 2 топ зарыл болгон учурда ишке тартылуу үчүн даяр турат. Мындан тышкары, оорунун очогу аныкталган чарбалардын айланасындагы 10 чакырым радиустагы аймак көзөмөл зонасы деп жарыяланды. Белгилей кетсек, куш тумоосу — канаттуулар арасында тез жайылуучу жугуштуу оору. Аны пайда кылган H5N1 вирусу айрым учурларда адамдарга да жугушу ыктымал.
Кытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС саммитинин пленардык жыйыны башталды Анда Путин жана башка дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөшөт. Ошондой эле, Россия президентинин бүгүнкү күн тартибинде Трамп жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү планы бар.
Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү пландоодоКытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС саммитинин пленардык жыйыны башталдыСадыр Жапаров элден, президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлерди колдоп коюуну өтүндүСадыр Жапаров элге кайрылып, президенттик шайлоого аттанып жаткан башка талапкерлерди да колдоп коюуну өтүндү Ал талапкерлер менен жолугуп, шайлоо таза жана адилеттүү өтүшү керектигин белгилеген. Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайсы бир талапкерге эмес, элге кызмат кылууга чакырды. Жапаров элди "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол коюуга да чакырды. Кол коюу шайлоодо добуш берүү эмес экенин түшүндүрүп, 30 миң кол топтой элек талапкерлерге жардам берүүнү суранды. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн. Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү пландоодо Минкаб тиешелүү токтомдун долбоорун даярдады. Максаты — туризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн туристтик жагымдуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Документке ылайык, 18 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга кирген күндөн тартып ар бир 120 күндүн ичинде 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Визасыз режим Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад, Тобаго жана Ямайканын жарандары үчүн сунушталууда. Элдик курултайларда саламаттык сактоо тармагына берилген 250 тапшырманын 188и аткарылды же аткаруу баскычында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 101 тапшырма толук аткарылып, 87си боюнча иштер уланууда. Бул жалпы тапшырмалардын 75,2%ын түзөт. Аткарылган иштердин алкагында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейтилип, катетеризациялык лабораториялар ачылды. Ошондой эле облустук жана райондук ооруканалар компьютердик томографтар менен камсыздалууда. Мындан тышкары, быйыл медициналык мекемелерге 130га жакын тез жардам унаасы жеткирилди. Ал эми 2021-2025-жылдары 478 унаа сатып алынган. Учурда медициналык мекемелерди куруу, жабдууларын жаңылоо жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу иштери уланууда.Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында куш тумоосунун жайылышына байланыштуу 26 миңден ашык үй канаттуусу жок кылынат. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, куш тумоосу штаттын Алаппужа районундагы эки чарбадан аныкталган. Вирус бөдөнө, өрдөк жана тооктордон табылган. Оорунун жайылышына жол бербөө үчүн аймакта 6 ыкчам топ иштеп жатат. Дагы 2 топ зарыл болгон учурда ишке тартылуу үчүн даяр турат. Мындан тышкары, оорунун очогу аныкталган чарбалардын айланасындагы 10 чакырым радиустагы аймак көзөмөл зонасы деп жарыяланды. Белгилей кетсек, куш тумоосу — канаттуулар арасында тез жайылуучу жугуштуу оору. Аны пайда кылган H5N1 вирусу айрым учурларда адамдарга да жугушу ыктымал.Кытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС саммитинин пленардык жыйыны башталды Анда Путин жана башка дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөшөт. Ошондой эле, Россия президентинин бүгүнкү күн тартибинде Трамп жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү планы бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104987273_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_335a4cbe77fa6a40d64c77c59b64337b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио