00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Путин, Трамп жана Си тынчтык тууралуу декларация кабыл алышты
21:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат. Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат.
Кыргызстанда 15–19 жаштагы кыздардын арасында төрөт көрсөткүчү ар бир миң адамга 29 учурду түзөт. Мындай маалыматтар БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун 2026-жылдагы "Дүйнө калкынын абалы" аттуу баяндамасында келтирилген. Изилдөөгө ылайык, Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бул курактагы ар бир миң кызга орто эсеп менен 18 төрөт туура келет. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе төмөн. Ошол эле учурда 2000-жылдан 2023-жылга чейин аймактагы өспүрүмдөр арасында төрөттүн көрсөткүчү болжол менен 40–50%га азайган. Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч Тажикстанда катталган. Ал жакта ар бир миң кызга 39 төрөт туура келет. Азербайжан менен Өзбекстанда бул көрсөткүч 37ни, Кыргызстанда 29ду түзөт. Баяндамада аялдардын коомдогу орду жана үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу да маалыматтар камтылган.
Евразия транспорт коридорлору ылдамдыкты, ишенимдүүлүктү жана алдын ала пландоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жаңы түзүлүп жаткан логистикалык системанын негизги бөлүгү боло алат. "Быйыл ЕАЭБдин макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча үч жылдык планды аяктап, кийинки үч жылга максаттарды жана милдеттерди аныктайбыз", — деди министр.
Россия менен Кыргызстан жалпы тарыхын сактап, Ленинград курчоосунда аман калгандардын коомун колдошу керек. Мындай пикирин РФ Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Елена Писарева билдирди.Ал согуш жылдарында Кыргызстан курчоодо калган Ленинграддан жер которуп келген балдарды кабыл алып, жергиликтүү эл аларды бооруна басканын белгиледи."Бизди жалпы тарых бириктирип турат. Сапарыбыздын биринчи күнүндө Ленинград блокадасынан аман калгандарга арналган эстеликке гүлчамбар койдук. Кыргызстан көптөгөн балдарды кабыл алып, алардын бирөө да каза болбогонуна абдан кубанычтабыз. Биз тарыхты унутпай, анын маанисин айтып турушубуз керек", — деди Писарева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде.Анын айтымында, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомун колдоо маселеси Жогорку Кеңештин депутаттары менен да талкууланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0