00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Кыргызстан возглавит ассоциацию конституционных судов Азии. Зачем это нужно?
18:09
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, бул убакытта алар жумушка бир саат кечигип келүүгө же жумуштан бир саат эрте кетүүгө укуктуу болушу мүмкүн. Мында эмгек акысы кыскартылбайт. Жеңилдик баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге гана эмес, аталарга, баланы асырап алган адамдарга жана камкорчуларга да тиешелүү болот. Мында кызматкердин баласы 14 жашка чыга элек болушу керек. Долбоордо күн сайын берилүүчү бир саат жумуш убактысынын бир бөлүгү катары эсептелери белгиленген. Башкача айтканда, кызматкер ал убакыт үчүн да толук айлык алат жана кийин аны кошумча иштеп берүүгө милдеттүү болбойт. Колдонулбай калган сааттарды топтоп же анын ордуна акчалай компенсация алуу каралган эмес. Кызматкер бир саатты жумуш күнүнүн башында же аягында пайдалана алат. Башка убакта колдонуу иш берүүчү менен жазуу жүзүндө макулдашуу аркылуу чечилет. Мыйзам долбоорунда ата-энеси ажырашып кеткени эле баланы жалгыз тарбиялап жатат дегенди билдирбей турганы да көрсөтүлгөн. Атасы же энеси баланын күнүмдүк тарбиясына катышпаса же материалдык жардам берип, анда-санда гана көмөктөшсө, кызматкер жеңилдик алууга укуктуу болот. Ошол эле учурда алимент алуу, туугандарынын жардам бериши же кызматкердин кайрадан үй-бүлө курушу бул укукту автоматтык түрдө жокко чыгарбайт.
Пайдубалы түптөлө элек үйдөгү батирди сатууга тыюу салуунун кандай пайдалуу жактары бар? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Курулушчулар союзунун жетекчиси Чолпонбек Акматов айтып берди. Ал билдиргендей, 2022-жылдан бери Кыргызстанда курулуш тармагы жыл сайын орто эсеп менен 30 пайызга өсүп жатат. 2019-жылга салыштырмалуу курулуштун көлөмү сегиз эсеге көбөйгөн. Учурда өлкөдө миңден ашык курулуш компаниясы иштейт. Арасында ири ишканалардан тартып чакан фирмаларга чейин бар.Курулуш тармагынын тез өсүшү менен бирге кардарларды тобокелге салган жагдайлар да көбөйгөн. Алдамчы фирмалар андан көп. Акматовдун пикиринде, пайдубалдын чуңкуру казыла электе батир сатууну чектөө жана курулуш компанияларына финансылык туруктуулук боюнча талаптарды күчөтүү элди алдамчылардан коргойт. Бул тармакка болгон ишенимди арттырып, алданып калгандардын санын азайтат.
РФ президенти Владимир Путин Россия, Кытай жана АКШ эл аралык тынчтыкты, дүйнөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн биргелешип жоопкерчилик тартарын билдирди. Бул тууралуу ал Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен үч тараптуу жолугушууда сүйлөп жатып айтты.РФ лидери белгилегендей, үч өлкөнү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш гана эмес, эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы жоопкерчилик да бириктирет. Россия да, АКШ да, Кытай да Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшүнө негиз салган мамлекеттердин катарына кирет. Путин үч өлкө глобалдык жана аймактык экономикалык байланыштарды, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту да талкуулашы керектигин белгиледи.Ошондой эле ал тараптардын аймактык жаңжалдарды жөнгө салууда, анын ичинде Украина чырын чечүүдө да орток кызыкчылыктары бар экенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0