00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн тарыхы кандай башталган?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Путин, Трамп жана Си тынчтык тууралуу декларация кабыл алышты
21:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2026-жылдын он айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук учурлары катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5160 фактыга көп. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата19 миң 345 убактылуу коргоо ордери берилген. Былтыр болсо анын саны 14 миң 326ны түзгөн. Быйыл коргоо ордерлери 17 миң 699у аялдарга; 1128и жабыр тарткан эркектерге жана 520сы жашы жете электерге берилген. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча менен камакка алынган жарандардын саны 3901ди түздү. Коомдук ишке тартылган жарандардын саны 2362ге жеткен. Ал эми 454 учур боюнча сот тарабынан айып пул салынган. Жалпысынан үй-бүлөлүк зомбулук фактысына байланыштуу 535 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Иеговист-Ильинчилер" сектасынын жети мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.Маалыматка ылайык, шектүүлөрдү тинтүү учурунда идеологиялык адабияттар жана материалдар табылган. Аларды таратып, жайылтып, үгүттөп жүргөн жети адам кармалган. Учурда кармалгандарга карата тергөө иштери уланууда. Атайын кызмат экстремисттик ишмердүүлүккө катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.
Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин делегациясы Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) барды. Жолугушууда Кашка-Суу айылына университеттин жаңы кампусун куруу, жатаканаларды көбөйтүү жана студенттер үчүн шарттарды жакшыртуу маселелери талкууланды. Делегацияны комитеттин төрайымы Лилия Гумерова жетектеп келген. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Университеттин ректору Сергей Волков конокторго окуу жайдын өнүгүшү, инфраструктураны жаңылоо жана билим берүү программалары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, студенттердин саны 7,8 миңден 12,2 миңге чейин өскөн. "Кашка-Суудагы жаңы кампустун долбоорунда окуу жана илимий борборлор, спорттук жайлар, ошондой эле студенттер жашай турган имараттар каралган. Айрыкча студенттердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу жатаканаларга болгон муктаждык талкууланды. Мындан тышкары, университетке жеке инвесторлордун каражатын тартуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Ошондой эле окуу жайдын Россиядагы илимий, билим берүү жана жаштар программаларына катышуусун кеңейтүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда үй-бүлөлүү студенттерди колдоо маселеси да көтөрүлүп, университетте эне жана бала бөлмөсүн уюштуруу иштери жүрүп жатканы айтылды.
НАТО альянсы Россия менен согушка ачык даярданып жатат, блоктун жетекчилери мындай жаңжал үч-беш жылдан кийин болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди. "Түндүк Атлантика альянсы биздин өлкө менен куралдуу жаңжалга ачык даярданып жатат, кагылышуу эң агрессивдүү блоктун жетекчилиги тарабынан үч-беш жылдан кийин болот деп болжолдонууда", — деди ал. Дипломат НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттенин Россиядан түз коркунуч жок дегенине карабай биримдиктин "душмандык пландары барган сайын ачыкка чыгып" жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0