"Манас" аэропортунан анча алыс эмес жердеги Дача-Суу айылындагы кырсыктан улам бир үй-бүлө үй ээси, жубайы жана 7 жаштагы кызы жана 28 жаштагы уулу каза болду. Окуя тууралуу каза болгон үй-бүлөнүн экинчи уулу Нурбир Солтокенов жана анын жеңеси Ларгиза Орозалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып беришти.
Каза болгон үй-бүлөнүн экинчи уулу Нурбир Солтокенов окуя болгон учурда Казакстанда иштеп жүргөн.
"Жеңем Ларгиза айылыңарга учак кулап түшүптүр деп айтканынан дароо келдим. Атам быйыл 56 чыкмак… Апам, 7 жаштагы карындашым жана менден улуу агам баары каза болуптур. Артында менден башка дагы бир карындашым калды. Ал да чет жакта, Россияда туугандарыбыздыкында болчу. Ага кабар айтыла элек", — деди Солтокенов.
Учурда Нурбир жана анын туугандары Республикалык соттук-медициналык экспертизанын бюросунун алдында сөөк күтүп жатышат.
Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>