Жаан сайын сел каптаган Боом: жолчуларды түтөткөн түтүктөр кайда?

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоомдо тыгынды турган унаалар. Архив
Боомдо тыгынды турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боом капчыгайын жыл башынан бери 3-4 жолу суу каптап, катуу жаандан улам эки жолу сел жүрдү. Адистердин айтымында, жолдун желип кетишине жамгыр эмес, жол алдындагы түтүктөрдүн орнотулбай калышы себеп.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik, Айида Батырбекова. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 137-139-чакырымдарына жол астынан өткөн суу түтүктөрү орнотулбай калгандыктан катуу жааган жаандан улам Боом капчыгайын улам сел каптап жатканын №32 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынчтык Турдалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдогу ажатканалар бир айдын ичинде жөнгө салынмай болду
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун жалпы узундугу 539 чакырымды түзүп, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын байланыштырып турат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-түштүгүнөн Кордай пунктуна чейинки (түндүк Казакстан) транзиттик жол болуп эсептелет. 

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырып турган бул жол каттам Каракум шоссеси аркылуу Пакистан менен Инд океанындагы портторго жол ачат. Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирип, ишке киргизүү үчүн 427 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Анын негизги бөлүгү 2014-жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Ал эми калган 272 жана 365 чакырымдары 2016-жылдын ичинде бүткөрүлүүсү күтүлүүдө. Жолду Кытайдын China road компаниясы курган.

Эске салсак, катуу жааган жаандан улам 1-июлда жана 18-июлда Боом капчыгайын сел каптап, ары-бери өткөн унааларга кыйынчылык жараткан. 

Турдалиевдин айтымында, жол астынан өткөн түтүк курулбай калганы үчүн катуу жаан жааган сайын жолду сел каптап, жолчулардын айласын алты кетирип жатат. 

"Сууну күрөктөп жолдон чыгарып шорубуз шорподой кайнады. Сонун жол, бирок жаандын суусун жер асты менен алып өтө турган түтүк курулбай калган. Жолдун долбоорун чийгендер "бул жерде мурда түтүктөр болгон эмес, ошон үчүн чийген эмеспиз" деп катасын моюндарына албай жатат. Негизи мурда бул жерде түтүктөр болгон. China road болсо "чийген долбооруңар боюнча куруп бердик, ишибиз жок" деп кол шилтеп коюшту", — деп билдирет Турдалиев. 

Анын айтымында, жолдун долбоорун чийгендер убагында жол тейлөө кызматында өмүр бою иштеп келе жаткан адистерге кайрылып, кайсы коктуга түтүк коюлушу керектигин сурашкан эмес. 

Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндөгү автоунаалар. - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Балыкчы жолун каптаган суу ары-бери каттагандарга кыйынчылык жаратты
"Убагында жолдун долбооруна Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жол башкармалыгынын жетекчисине кол койдуруп алышыптыр. Ага алты жол тейлөө кызматы карайт. Ал кайсы коктуда эмне бар экенин кайдан билмек эле? Эми күнөөнүн бардыгын ошол адамга оодарып салышты. Мындан ары жолду сел каптай бере турган болсо, суу асфальтты жибитип чөктүрүп жиберет. Ал кайсы каражатка оңдолот?" — деп суроо салды Турдалиев. 

Муну менен катар Турдалиев жолду кайра каздырып түтүктөрдү орнотуу керек экенин белгиледи. 

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замир Жумагазиев 18-июлда 134-144-чакырымдарда сел жүрүп, үч кафени суу каптап жараксыз абалга келтиргенин билдирди. 

"Адистердин айтымында бул аралыктарга суу өткөрмөлөр орнотулган эмес. Окуя болгон жерге өзүм дагы барып келдим. Анда чындыгында түтүктөр жок экен", — деп белгиледи Жумагазиев. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жолдун долбоорун чийген Кыргызжолдолбоору институтуна кайрылганда директордун орун басары Леван Алибегашвили жолчулардын пикирин четке кагып, көрсөтүлгөн чакырымдарга түтүктөр орнотулганын билдирди. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун жүз күнү: өкмөттүн өзгөргөн курамы, сөгүш алган аткаминерлер
"Суу өткөрмөлөр коюлган эмес деп ким, кантип айтып жатканын билбейм. Долбоордо 134-144-чакырымдарга чейин суу өткөрмө түтүктөрү көрсөтүлгөн. Биздин институт долбоорду чийген, ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги жолду кабыл алган. Так жоопту ошолордон алсаңар болот", — деп билдирди Алибегашвили. 

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы учурда адистердин көпчүлүгү иш сапарда жүргөндүктөн министрликтин расмий жообун бере албай тургандыгын айтты. 

Ал эми жол чарба департаментинин башчысы Керимкул Бозалаев долбоордо түтүктөр көрсөтүлүп тургандыгын тастыктады. 

"Мурда аталган чакырымдарда түтүктөр болгон. Мына азыр карап жатам, жаңы долбоордо дагы бар экен. Эми ошонун курулганын же курулбай калганын тактоо үчүн комиссия түзүлдү. Жакын арада белгилүү болот", — деп билдирди Бозалаев.

Ал эгер түтүктөр жок болуп калса, асфальтты бузуп, кайра орнотуу иштери жүрөрүн белгиледи. 

Ошону менен күнөө China road компаниясында же долбоор чийгендерде экени азырынча белгисиз болуп талаш жаратып турган чак. 

Адис Абай Алымкуловдун пикиринде жолдун долбоорун башка өлкөнүн адистерине текшертүү керек.

Балыкчи — Корумду жолун оңдоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыдан Чолпон-Атага түз кеткен жолдун жабылышына эл нааразы
"Бул чыр чыгаары менен Экотехинспекция өзү иликтөөгө алып, тыянагын тиешелүү органдарга бериш керек болчу. Бирок алар көз жумуп койду. Ушул себептен башка адистерге текшертип, аягына чыгарыш керек", — деп билдирди Алымкулов. 

Ал билдиргендей негизинен бул кырдаалга Транспорт жана жолдор министрлиги жооп бериши керек. 

Ал эми China Road компаниясы менен байланышканыбызда жолдун долбоору кандай болсо, ошондой бүткөрүшкөнүн билдирүү менен чектелишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0