Бишкектин кичирайондорундагы оңдоого муктаж жолдорунун тизмеси

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылы Бишкектин 49 кварталы менен кичирайондордун ички жолдору оңдолот. Реабилитациялык иштер эки этапта жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы 2016-жылы оңдоого муктаж 49 квартал менен кичирайондордун ички жолдорун аныктады.

Муниципалитеттин чыгарган буйругуна ылайык, бул жылы 44 жол оңдолуп, 2016-жылга карата үнөмдөлгөн каражатка экинчи этапта дагы шаардык беш жолдор реабилитацияланат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

2016-жылы оңдоого муктаж райондук жана кварталдык жолдордун тизмеси. 

Биринчи этап:

  • Жантөшев менен Тыныстанов — Байтик Баатыр проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
  • Фатьянов көчөсү — Лев Толстой көчөсүнөн Горькийге чейин;
  • Жумабек көчөсү — Эркиндик проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Мессарош көчөсү — Дэн Сяопин көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейин;
  • Талды-Суу чолок көчөсү менен Талды-Суу көчөсү, Темиров менен Сад көчөлөрү — Патрис Лумумба көчөсүнөн Мессарошко чейин;
  • Исанов көчөсү — Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин.

№8 кичирайон:

  • Сүйөркулов ө көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейин жана кичирайондун ички бөлүгү — №3, 5, 7, 11, 9а, 11/1, 9, 10, 19/1, 19 жана 20 турак үйлөрү;
  • Саманчин көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн баштап жана кичирайондун ички бөлүгү — № 40, 18 турак үйлөрү менен №64 мектеп;
  • Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, № 31/1, 45, 46, 47 жана 83-турак үйлөр.

№ 7 кичирайон:

  • Аалы Токомбаев көчөсүнөн тарта кичирайондун ички бөлүгүндө;
  • № 46а, 47, 48, 49, 19/1 жана 45-турак үйлөрүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
  • № 18, 17, 19, 20, 21, 22 жана 26 турак үйлөрүнүн жолдорунан ДСКга чейин;
  • № 12, ДСК, 26, 27, 28 жана 25-турак үйлөрүнүн жолдорунан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
  • № 12 турак үйү менен ДСКнын жолунан Безымянный көчөсүнө чейин.

№ 4 кичирайон:

  • Сүйөркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин, № 40, 41, 19/1, 22а, 14б, 14а,14 жана 15-турак үйлөрү.

№ 5 кичирайон:

  • Юнусалиев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин, № 9, 47, 48, 49, 49/1, 5/1, 19, 18, 17, 27 жана 17а турак үйлөрү;
  • Сүйөркулов көчөсүнөн Шопен көчөсүнө чейин, №2, 3, 4, 5/1, 41, 42, 43, 60, 61, 73, 72 жана 72/1 турак үйлөр.

№ 6 кичирайон:

  • Сухэ-Батор көчөсүнөн Куттубаев көчөсүнө чейин, №2/22, 1, 3, 4, 19а, 18а, 17а, 16-турак үйлөрү жана №56 мектеп; 
  • Сухэ-Батор көчөсүнөн Куттубаев көчөсүнө чейин, № 31, 34, 27, 26, 25, 24, 23, 38, 39, 40, 41, 42-турак үйлөрү жана №22 турак үйдүн жанындагы жол; 
  • Сухэ-Батор көчөсүнөн кичирайондун ички бөлүгүнө чейин, №32/1, 33/1 жана 38/2 турак үйлөрүнөн №56 мектепке чейин.

№ 11 кичирайон:

  • Куттубаев көчөсү менен кичирайондун ички бөлүктөрү, № 1, 2, 3, 4, 5, 6 турак үйлөр менен №63 мектептен № 12, 13, 14 турак үйлөрүнө чейин, Нуркамал көчөсүнүн чыга бериш жерине чейин.

№ 12 кичирайон:

  • Жетикашкаев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин, № 25, 26, 9 турак үйлөрүнөн №71 жана 15 мектептер;
  • Аламүдүн дарыясын бойлогон жол Скрябин көчөсүнөн Ахунбаевге чейин.

"Көк-Жар" кичирайону:

  • Скрябин көчөсү менен № 38/1, 1, 2, 3, 4, 5, 6, 9, 9а жана 11 турак үйлөрү;
  • Кичирайондун ички бөлүктөрү.

"Тунгуч" кичирайону:

  • Анкара көчөсүнөн кичирайондун ички бөлүктөрү менен Ауэзов көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин; 
  • Анкара көчөсүнөн кичирайондун ички бөлүктөрү, № 36, 37, 39 жана 23 турак үйлөр; 
  • Анкара көчөсүнөн кичирайондун ички бөлүктөрү, № 62, 59 жана 54 турак үйлөр;
  • Загорская көчөсү Калинин көчөсүнөн Токмок көчөсүнө чейин.

"Аламүдүн-1" кичирайонундагы ички жолдор:

  • Загорск көчөсүнөн №38 мектепке чейин жана мектеп боюндагы жол (Көлбаев көчөсүндөгү №34,41 үйлөрдөн тарта).

Ички жолдор:

  • Курулушчулар шаарчасы;
  • "Чыгыш-5" кичирайону, №1, 2, 3 түркүктөр.

Өзүнчө көчөлөр:

  • Патрис Лумумба көчөсү, Дэн Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейин;
  • Кустанай көчөсү, Дэн Сяопин проспектисинен Астраханск көчөсүнө чейин; 
  • Астраханск көчөсү, Кустанай көчөсүнөн Тираспольск көчөсүнө чейин;
  • Лущихин көчөсү, Кривоносов көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Жунусалиев көчөсү, Алтымышев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;
  • Жунусалиев көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Ажыбек баатыр көчөсүнө чейин;
  • Тойгонбаев көчөсү, Луговой көчөсүнөн Маликов көчөсүнө чейин;
  • Рыскулов көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (600 метр);
  • Шопоков көчөсү, Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин (490 метр);
  • Шопоков көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн баштап Моска көчөсүнө чейин жана Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (460 метр);
  • Калинин көчөсү Көлбаев көчөсүнөн баштап Токмок көчөсүнө чейин;
  • Сельсовет көчөсү Дэн Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейин;
  • Кайназаров көчөсү Дэн Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейин.

Экинчи этап:

  • Кожобергенов көчөсү Бах көчөсүнөн Бишкек шаарынын чек арасына чейин;
  • Семетей көчөсү Тынчтык проспектисинен Бах көчөсүнө чейин;
  • Жеңиштин 50-жылдыгы көчөсү Кожобергенов көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин;
  • Рысмендиев көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн тынчтык проспектисине чейин;
  • Семетей менен Бах кайчылаш жолдору.

Оңдоо иштери шаардык бюджеттин каржылоосу аркылуу ишке ашырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0