БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Италияда шаардык сот эркек кишиге алимент төлөмүн пицца менен төлөөгө уруксат бергенин The Local гезити жазып чыкты.
Соттук териштирүүгө чейин кыздын атасы ай сайын 300 доллардан төлөп турууга милдеттендирилген. Бирок италиялыктын буга чама-чаркы жетпей калгандан кийин мурунку жубайы аны сотко берген.
Кыздын атасы пицца жасагыч болгондугун эске алып, сот ага алиментти пицца менен төлөөгө уруксат берген.
Эми италиялык жаран 300 евронун ордуна пицца жана башка нан азыктарын жөнөтүп турмай болду.