БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Балдардын жана алардын ата-энесинин ден соолугуна жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы атанын жашы менен жаман адаты балдардын саламаттыгынаа генетикалык деңгээлде терс таасир тийгизет. Бул тууралуу American Journal of Stem Cells журналында жарыяланган макалада айтыларын РИА Новости жазып чыкты.
"Биз баарыбыз эненин гормондору жана анын психологиялык абалы түйүлдүктүн калыптанышына таасир берерин билебиз. Эми биз атанын адаттары жана жашы балага таасир тийгизе турганын аныктадык. Аталардын жүрүм-туруму бир гана балага эмес, кийинки муунга да таасир берери билинди", — дейт Жоржтаун университетинин окумуштуусу Жоанна Китлинска.
Алар мындай жыйынтыкка балага таасир бере турчу медициналык бир нече изилдөөлөрдү салыштыруу аркылуу келишкен.