Тоголонуп кеткен унаанын айдоочусу аларды милиция машинасы менен кууганын билдирди.
18-майдан 19-майга караган түнү Бишкектеги Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүндө жол кырсыгы катталып, андан бир адам каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында кырсыкка кабылган Toyota Avensis унаасын Кайгуул милициясы куугунга алган, Toyota Avensis унаасы Subaru Legacy автосун сүзүп, тоголонуп кеткен.
"Биз Панорамадан түшүп келе жатканбыз. Милициянын токтотконун көргөн эмесмин. Аңгыча арткы терезеден кууп келе жатканын байкап калдым. Андан кийинкиси эсте жок", — деди кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу Самат Ормошев.
Ал эми Бишкек ШИИБи кырсыкка кабылган Toyota Avensis унаасын Кайгуул милициясы кубалаган деген маалымат жөнсүз экенин билдирди.
Анткен менен кырсык, эшикке орнотулган видео байкоого түшүп калган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын тоголонуп кеткенин көрүүгө болот. 20 секунд өтпөй атайын сигналын жандырган унаа да кезигет. Бирок ал эмне унаа экенин байкоого мүмкүн эмес.