БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кайгуул милициясы артынан кууп кырсыкка учураган Volkswagen Touareg машинасынын ээси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Volkswagen Touareg джибинин (мамлекеттик номери B 08 55 AR) артынан кууп баратып, "Аламүдүн-1" кичи районунун аймагынан туурадан чыга калган Volkswagen Passat менен сүзүшкөн.
"Volkswagen Touareg ошол боюнча табыла элек. Мамлекеттик номери боюнча ал Бишкектин тургунуна катталган аял табылды. Бирок ал ишеним күбөлүгү менен унааны 2013-жылы сатып жибергенин айтты. Эми сатып алгандарды издеп жатабыз. Жол тандабас да азырынча табыла элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Башкармалыктан Кайуул милициясынын унаасы учураган жол кырсыктын чыгымы кимге жүктөлөрүн техникалык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин сот чечери кошумчаланды.