![26-февралдан 4-мартка чейинки баалар 26-февралдан 4-мартка чейинки баалар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102293/99/1022939939_0:0:0:0_600x0_80_0_0_34dc69ce839297451484084498173cb9.png)
Жаздын келиши менен айлана-чөйрө да жанданат. Эң башкысы айымдардын 8-март майрамы да келет. Бул майрамга карата Бишкек шаарында гүл саткан дүкөндөрдө роза жана жоогазын канчадан сатылып жатканын билдик. Майрам алдында бир даана голландя розасы 200-250 сомдон сатылууда. Ал эми жаздын символу болгон жоогазын гүлүн 100-140 сомго сатып алууга болот. Майрамда сүйүктүүңүзгө гүл алууну унутпаңыз. Эгер сиз үч гүлдөн турган алты букет ала турган болсоңуз, анын баасы 1 грамм алтынга тете экенин эске салабыз.
Бул жумада Бишкек шаарындагы базарларда жана супермаркеттерде жашылчалардын баасы арзандаганы байкалат. Пияз, картошка, сабиз дээрлик 5 сомго арзандады. Ошондой эле помидор, бадыраңдын да баасы түштү.