https://sputnik.kg/20261023/1104469174.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Бул тууралуу... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T13:00+0600
2026-10-23T13:00+0600
2026-10-23T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104469008_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_febafb2a7971f84cb1e40e5e6c93bb64.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Бул тууралуу Базар-Коргондо президенттин катышуусу менен болгон кеңешмеде айтылды. Өлкө башчы агартуу министрине сөгүш берүүнү көздөгөнүн билдирди. Жолугушууда мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айткан. Ага иштебеген адамдарга айлык жазган деген негизсиз айып тагылып, жоопкерчиликке тартылган, мындан кийин жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган. Бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрү арызданган аял мектеп директору болуп турганда билими жок, мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын билдиришти. Мындан тышкары, Россияда иштеп жүргөн адамдар мектептин штатына киргизилип, аларга айлык эсептелгени айтылды. Аталган адамдар иш боюнча күбө катары көрсөтмө беришкен. Президент бул окуяга байланыштуу Агартуу министрлигинин санариптештирүү жаатындагы ишин сынга алды.Президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл жок экенин белгиледи.
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстандын раиси Рустам Минниханов катышканын өкмөттөн билдиришти. Адылбек Касымалиев ак илбирс кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган улуттук символдордун бири экенин белгилеп, жаңы борбор сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоодо чоң кадам болорун айтты. Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарларды реабилитациялоо жана экология багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Батуми шаарында "Борбордук Азия — Грузия" форматындагы алгачкы жыйынга катышууда. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Жолугушуу учурунда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аталган демилгени колдогонуна ыраазычылык билдирип, аталган формат саясий мамилелерди бекемдеп, соода-экономикалык, логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүн айтты. Муну менен катар Кулубаев Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолукту. Тараптар өз ара иш сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулап, былтыр июнда Грузиянын премьер-министринин Кыргызстанга жасаган сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка көтөргөнүн белгилешти.
Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңжал жанданса АКШны колдобоону Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Аймактагы өлкөлөргө АКШны колдобоо боюнча талап жөнөтүлдү. 40 күндүк согушта Иранга кол салуу үчүн АКШ колдонгон өлкөлөрдөгү аскердик базаларга сокку уруп турдук", — деп Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Феда-Хосейн Малеки айткан. Депутат эгерде согуш кайра чыгып кетсе, араб өлкөлөрүнүн кайсынысы Американын армиясын колдоп-коштоого даяр экени так билинерин белгилеген. "Андай болгон учурда Иран аскердик базаларга чабуул жасоо менен чектелбеши ыктымал, ал эми берки мамлекеттер касташкан тарап катары кабыл алынат", — деген эл өкүлү. Агенттиктин маектеши Тегеран бул тууралуу аталган өлкөлөрдү алдын ала кабардар кылгандыгын жана азыр кырдаалга көз салып, бардыгына шайма-шай турганын баса белгилеген.
Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү абдан аксап жатканын айтып, жетекчи Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды. Бул тууралуу Базар-Коргондо президенттин катышуусу менен болгон кеңешмеде айтылды. Өлкө башчы агартуу министрине сөгүш берүүнү көздөгөнүн билдирди. Жолугушууда мектептин мурдагы директору адилетсиздикке кабылганын айткан. Ага иштебеген адамдарга айлык жазган деген негизсиз айып тагылып, жоопкерчиликке тартылган, мындан кийин жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган. Бирок укук коргоо органдарынын өкүлдөрү арызданган аял мектеп директору болуп турганда билими жок, мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын билдиришти. Мындан тышкары, Россияда иштеп жүргөн адамдар мектептин штатына киргизилип, аларга айлык эсептелгени айтылды. Аталган адамдар иш боюнча күбө катары көрсөтмө беришкен. Президент бул окуяга байланыштуу Агартуу министрлигинин санариптештирүү жаатындагы ишин сынга алды.Президент окуу китептерин бөлүштүрүүдө да көзөмөл жок экенин белгиледи.Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстандын раиси Рустам Минниханов катышканын өкмөттөн билдиришти. Адылбек Касымалиев ак илбирс кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган улуттук символдордун бири экенин белгилеп, жаңы борбор сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоодо чоң кадам болорун айтты. Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарларды реабилитациялоо жана экология багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Батуми шаарында "Борбордук Азия — Грузия" форматындагы алгачкы жыйынга катышууда. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Жолугушуу учурунда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аталган демилгени колдогонуна ыраазычылык билдирип, аталган формат саясий мамилелерди бекемдеп, соода-экономикалык, логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүн айтты. Муну менен катар Кулубаев Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолукту. Тараптар өз ара иш сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулап, былтыр июнда Грузиянын премьер-министринин Кыргызстанга жасаган сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка көтөргөнүн белгилешти. Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жаңжал жанданса АКШны колдобоону Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Аймактагы өлкөлөргө АКШны колдобоо боюнча талап жөнөтүлдү. 40 күндүк согушта Иранга кол салуу үчүн АКШ колдонгон өлкөлөрдөгү аскердик базаларга сокку уруп турдук", — деп Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Феда-Хосейн Малеки айткан. Депутат эгерде согуш кайра чыгып кетсе, араб өлкөлөрүнүн кайсынысы Американын армиясын колдоп-коштоого даяр экени так билинерин белгилеген. "Андай болгон учурда Иран аскердик базаларга чабуул жасоо менен чектелбеши ыктымал, ал эми берки мамлекеттер касташкан тарап катары кабыл алынат", — деген эл өкүлү. Агенттиктин маектеши Тегеран бул тууралуу аталган өлкөлөрдү алдын ала кабардар кылгандыгын жана азыр кырдаалга көз салып, бардыгына шайма-шай турганын баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104469008_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5f6847ea75db1c37eb85486a88174a5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио