https://sputnik.kg/20261023/1104473410.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты. Жергиликтүү тургун президент менен... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T15:00+0600
2026-10-23T15:00+0600
2026-10-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104473244_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ad78584ac15d844365784f534cd556d3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты. Жергиликтүү тургун президент менен жолугушууда мамлекет башчысынын кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, кире албай койгонуна даттанды. Ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, алардан мамлекеттин пайдасына деп акча алышканын билдирди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай квитанция же соттун чечими берилген эмес. Жапаров күч түзүмдөрүнө маселени териштирүүнү тапшырды. "Көйгөйү бар ар бир адамды кабыл ала албайм. Менин иш графигим бар. 24 сааттын төрт саатын гана уктап, калган убактымды ишке жумшайм", — деди президент.
Дордойдогу өрттөн 25 контейнер зыян тартып, иш козголдуЭрлист Акунбеков iDyikan тиркемеси "Кыргыз спутник" мамлекеттик компаниясы менен бириктирилерин билдирди"Тиркемеден дыйкандарды түйшөлткөн бардык маселелерди: талааларда, мал чарбачылыгында эмне болуп жатканын, ошондой эле каржы жана башка маселелерди көрүүгө болот", — деди айыл чарба министри.Мекеме буга чейин фермерлер үчүн тиркеме иштеп чыккан. Андан насыя алуудан тартып, тармактагы кызматтарды аралыктан алса болору айтылган. Милициянын маалыматына караганда, Дордой конушунун Ибраимов көчөсүндө люстра сатылган кампа өрттөнүп, коңшу контейнерлерге өткөн.
Өрткө ширетүү иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу жана зымдардын начар туташтырылышы себеп катары каралууда. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуп, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү фактысы боюнча иш козголду. Чыгым эсептелүүдө.
Россия АКШнын катышуусу менен Украина маселесин чечүү үчүн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даяр. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин журналист Павел Зарубинге айткан. "Сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты — атышууну утурумдук токтотуу эмес, тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин Украина менен Россиянын коопсуздугун биротоло камсыздаган маселени талкуулоо", — деген Путин. РФ лидери Москва жакынкы күндөрү кырдаалдын кандай болуп өзгөрүшүнө байкоо саларын айткан. Анын пикиринде, орток пикирге, кепке келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Президент Россиянын Украина менен согушуу ниети жоктугун жана башынан эле чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келгенин баса белгиледи. "2014-жылы эле "келгиле, ошол кездеги Украинанын түштүк-чыгышы менен тил табышууга жардам берели" деп айтканбыз. Бирок андан майнап чыкпай, карапайым элге каршы замбиректер менен учактарды колдонушту. Түпкүлүгүндө, согушту өздөрү баштап жиберишти", — деген РФ лидери. Путин украиндерди Россияга жакын эл экенин, ал эми Киев бийлиги калкын ойлоп да койбогондугун айтты. Президент учурда Украинада жарым миллион адам качкын катары саналарын, ал эми иш жүзүндө андан көп экендигин кошумчалады. Владимир Зеленскийдин аймактын 25 пайызына жакынын берүүгө даярмын дегенине комментарий берип, ал жерлер илгертеден Россияга таандык болгонун эске салды.
Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда күнүнө төрт гана саат уктаарын айтты. Жергиликтүү тургун президент менен жолугушууда мамлекет башчысынын кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, кире албай койгонуна даттанды. Ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, алардан мамлекеттин пайдасына деп акча алышканын билдирди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай квитанция же соттун чечими берилген эмес. Жапаров күч түзүмдөрүнө маселени териштирүүнү тапшырды. "Көйгөйү бар ар бир адамды кабыл ала албайм. Менин иш графигим бар. 24 сааттын төрт саатын гана уктап, калган убактымды ишке жумшайм", — деди президент.Дордойдогу өрттөн 25 контейнер зыян тартып, иш козголдуЭрлист Акунбеков iDyikan тиркемеси "Кыргыз спутник" мамлекеттик компаниясы менен бириктирилерин билдирди"Тиркемеден дыйкандарды түйшөлткөн бардык маселелерди: талааларда, мал чарбачылыгында эмне болуп жатканын, ошондой эле каржы жана башка маселелерди көрүүгө болот", — деди айыл чарба министри.Мекеме буга чейин фермерлер үчүн тиркеме иштеп чыккан. Андан насыя алуудан тартып, тармактагы кызматтарды аралыктан алса болору айтылган. Милициянын маалыматына караганда, Дордой конушунун Ибраимов көчөсүндө люстра сатылган кампа өрттөнүп, коңшу контейнерлерге өткөн.Өрткө ширетүү иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу жана зымдардын начар туташтырылышы себеп катары каралууда. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуп, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү фактысы боюнча иш козголду. Чыгым эсептелүүдө.Россия АКШнын катышуусу менен Украина маселесин чечүү үчүн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даяр. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин журналист Павел Зарубинге айткан. "Сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты — атышууну утурумдук токтотуу эмес, тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин Украина менен Россиянын коопсуздугун биротоло камсыздаган маселени талкуулоо", — деген Путин. РФ лидери Москва жакынкы күндөрү кырдаалдын кандай болуп өзгөрүшүнө байкоо саларын айткан. Анын пикиринде, орток пикирге, кепке келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Президент Россиянын Украина менен согушуу ниети жоктугун жана башынан эле чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келгенин баса белгиледи. "2014-жылы эле "келгиле, ошол кездеги Украинанын түштүк-чыгышы менен тил табышууга жардам берели" деп айтканбыз. Бирок андан майнап чыкпай, карапайым элге каршы замбиректер менен учактарды колдонушту. Түпкүлүгүндө, согушту өздөрү баштап жиберишти", — деген РФ лидери. Путин украиндерди Россияга жакын эл экенин, ал эми Киев бийлиги калкын ойлоп да койбогондугун айтты. Президент учурда Украинада жарым миллион адам качкын катары саналарын, ал эми иш жүзүндө андан көп экендигин кошумчалады. Владимир Зеленскийдин аймактын 25 пайызына жакынын берүүгө даярмын дегенине комментарий берип, ал жерлер илгертеден Россияга таандык болгонун эске салды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104473244_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_862ec5532fa4b1885b63981312ac4d5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио