Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Жалал-Абад шаарындагы базар баасына көз салдык.

Жаздын келиши менен айлана-чөйрө да жанданат. Эң башкысы айымдардын 8-март майрамы да келет. Бул майрамга карата Бишкек шаарында гүл саткан дүкөндөрдө роза жана жоогазын канчадан сатылып жатканын билдик. Майрам алдында бир даана голландя розасы 200-250 сомдон сатылууда. Ал эми жаздын символу болгон жоогазын гүлүн 100-140 сомго сатып алууга болот. Майрамда сүйүктүүңүзгө гүл алууну унутпаңыз. Эгер сиз үч гүлдөн турган алты букет ала турган болсоңуз, анын баасы 1 грамм алтынга тете экенин эске салабыз.

Бул жумада Бишкек шаарындагы базарларда жана супермаркеттерде жашылчалардын баасы арзандаганы байкалат. Пияз, картошка, сабиз дээрлик 5 сомго арзандады. Ошондой эле помидор, бадыраңдын да баасы түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0