00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:59
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Если разобраться...
Газ — пауза на два года, пособия вырастут и командир Нацгвардии под следствием: главное из «Если разобраться...»
12:07
159 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ош облусунда аткаминерлер жер тилкелерине документтерди сауна же бир килограмм палоо үчүн эле берип койгон учурлар болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолукканда билдирди. Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда жер маселелери көтөрүлгөн. Буга байланыштуу президент жергиликтүү бийликке мындай көйгөйлөрдү чечүүгө толук ыйгарым укуктар берилгенин эскертти. Анын айтымында, Ош облусунда бир эле жер тилкеси беш башка кишиге берилип кеткен учурлар катталган. "Кара-Сууда айыл өкмөт башчылары СССР тарагандан тартып 2020-жылга чейин токтомдорду унаанын багажнигине салып жүрүп, мөөр басып, фамилияларды жазып, гектарлап таратышкан. Азыр биз мунун баарын тартипке келтирип жатабыз", — деди Жапаров.
3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 54 пайызга жетти. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80 пайызга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Самарканд шаарында өтүп жаткан "Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол" аттуу дүйнөлүк саммиттин алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Министр эрте курактагы балдарды өнүктүрүүгө жана сапаттуу инклюзивдүү билим берүүгө инвестиция салуу маселелерине арналган пленардык жыйынга катышкан.Министр белгилегендей, балдарды эрте жашынан колдоо Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле ал "Алтын Казык" программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерин тааныштырып, 70 миңден ашуун педагог квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөнүн айтты. "Бала системага ылайыкташууга тийиш эмес, тескерисинче, система ар бир бала үчүн шарттарды түзүшү керек", — деди Кендирбаева.
Бүгүн Бишкекте "Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү демилгелери" форуму өтүп жатат. Иш-чара Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун экинчи этабынын алкагында уюштурулду. Форумда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев сөз сүйлөп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өлкөнү өнүктүрүүдөгү жана калкка түздөн-түз кызмат көрсөтүүдөгү ролун белгиледи. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгынын алдында өтүп жаткан форумдун катышуучуларын куттуктады. Ошондой эле өлкө жетекчилиги аймактарды өнүктүрүү боюнча олуттуу талаптарды коюп жатканын белгилеп, жергиликтүү деңгээлде сапаттуу кызмат көрсөтүү жана натыйжалуу иш алып баруу мамлекетке жана элге болгон ишенимди арттырарын айтты.
Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарында эртең менен катуу жарылуулардын доошу угулду. Бул туурасында Синьхуа агенттиги жазды.Тургундарга кооптуулук жаралганы тууралуу кабар берилген.Рейтер агенттиги Сауд Арабиясы жетектеген коалицияга таянып, баллистикалык ракеталар тосулуп жок кылынгандыгын билдирди. Аларды Йемен хуситтери Эр-Рияд багытына кое берген дешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0