https://sputnik.kg/20261023/1104484935.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документтин авторлору — Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T19:00+0600
2026-10-23T19:00+0600
2026-10-23T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104484769_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bcb86ed19e1335171dcc9f7599bf1dfa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документтин авторлору — Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшү белгиленген.Долбоордо кол көтөргөндөргө, эгер кылмыштын белгилери жок болсо, 7 күндөн 14 күнгө чейин камакка алуу жазасын киргизүү каралган. Ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнө жеңил залал келтиргендерге өзүнчө кылмыш жоопкерчилигин белгилөө сунушталууда. Зомбулук мас абалында, кайталап, өзгөчө ырайымсыздык менен же балдардын көзүнчө жасалса, жаза катаалдашы мүмкүн.Мындан тышкары, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо жабырлануучунун ыктыярдуу макулдугунун жоктугун негиз катары кароо сунушталууда. Милиция кызматкерлерине жаңжал чыгарган адамдын куралын бир айга чейин убактылуу алып коюу укугун берүү демилгеси да бар. Зомбулук көрсөткөндөрдү түзөтүү курстарына милдеттүү түрдө жөнөтүү жана алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонууга тыюу салуу каралган.Ошондой эле башкаларга коркунуч жаратууну уланткан адамдарды административдик тартипте кармоо мөөнөтүн үч сааттан 48 саатка чейин узартуу сунушталууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн укуктук механизмдери өзгөрүшү мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын өздүк булактар билдирди Шаардык соттун маалыматына караганда, кечээ Таалайбек Жакыповго карата 20-декабрга чейин үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ошондой эле жабырлануучу тосмо арыз жазып бергени айтылды. Соттун токтомуна ылайык, шектүүгө саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин жашаган үйүнөн чыгууга жана уруксатсыз калаанын аймагынан сыртка чыгып кетүүгө тыюу салынды.
Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙдун IV эл аралык театр фестивалында баш байге утту Өзбекстандын Анжиян шаарында өткөн сынакка Султан Ибраимовдун атын алып жүргөн театр жамааты “Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли менен барган. Драма Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган. Анда кыргыз элинин башынан өткөргөн үч доору камтылып, сахнада 60тан ашык актёр ойнойт. Спектаклди режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон.
Россия Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан 270 аскер кызматкерин кайтарып алды. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды. "Алардын ордуна Украина Куралдуу күчтөрүнүн 270 аскер туткуну өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта. Учурда россиялык жоокерлер Беларустун аймагында. Алар менен Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова иштеп жатат. Жакынкы арада бардык аскерлер мекенине жеткирилип, РФ Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарылоодон жана реабилитациядан өтөрү кабарланды.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Документтин авторлору — Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшү белгиленген.Долбоордо кол көтөргөндөргө, эгер кылмыштын белгилери жок болсо, 7 күндөн 14 күнгө чейин камакка алуу жазасын киргизүү каралган. Ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнө жеңил залал келтиргендерге өзүнчө кылмыш жоопкерчилигин белгилөө сунушталууда. Зомбулук мас абалында, кайталап, өзгөчө ырайымсыздык менен же балдардын көзүнчө жасалса, жаза катаалдашы мүмкүн.Мындан тышкары, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо жабырлануучунун ыктыярдуу макулдугунун жоктугун негиз катары кароо сунушталууда. Милиция кызматкерлерине жаңжал чыгарган адамдын куралын бир айга чейин убактылуу алып коюу укугун берүү демилгеси да бар. Зомбулук көрсөткөндөрдү түзөтүү курстарына милдеттүү түрдө жөнөтүү жана алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонууга тыюу салуу каралган.Ошондой эле башкаларга коркунуч жаратууну уланткан адамдарды административдик тартипте кармоо мөөнөтүн үч сааттан 48 саатка чейин узартуу сунушталууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн укуктук механизмдери өзгөрүшү мүмкүн.Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын өздүк булактар билдирди Шаардык соттун маалыматына караганда, кечээ Таалайбек Жакыповго карата 20-декабрга чейин үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ошондой эле жабырлануучу тосмо арыз жазып бергени айтылды. Соттун токтомуна ылайык, шектүүгө саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин жашаган үйүнөн чыгууга жана уруксатсыз калаанын аймагынан сыртка чыгып кетүүгө тыюу салынды. Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙдун IV эл аралык театр фестивалында баш байге утту Өзбекстандын Анжиян шаарында өткөн сынакка Султан Ибраимовдун атын алып жүргөн театр жамааты “Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли менен барган. Драма Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган. Анда кыргыз элинин башынан өткөргөн үч доору камтылып, сахнада 60тан ашык актёр ойнойт. Спектаклди режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон.Россия Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан 270 аскер кызматкерин кайтарып алды. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды. "Алардын ордуна Украина Куралдуу күчтөрүнүн 270 аскер туткуну өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта. Учурда россиялык жоокерлер Беларустун аймагында. Алар менен Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова иштеп жатат. Жакынкы арада бардык аскерлер мекенине жеткирилип, РФ Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарылоодон жана реабилитациядан өтөрү кабарланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104484769_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0482336e2483724ded4913e865fd686e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио