https://sputnik.kg/20261023/1104460482.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин токтом... 23.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-23T09:00+0600
2026-10-23T09:00+0600
2026-10-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104460316_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_12fedc2b5f8c621da3680e2739c512d2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Сунушталып жаткан каражат эки жылга бөлүштүрүлөт: 2027-жылы 112,2 миллион, ал эми 2028-жылы 110,2 миллион сом жумшоо каралган. Талап кылынып жаткан каражатка алгач "Битикчи" тиркемеси жасалат. Бул — байыркы кыргыз рун жазуусун заманбап форматта үйрөтүүчү мобилдик тиркеме. Анда кызыктуу оюн машыгуулары, кириллицага которгуч жана рун жазмасы менен кат алышып баарлашуу функциялары болот. "3-10 жаштагы балдар үчүн "Сен мыктысың" теледолбоорун даярдоо пландалууда. Шоу кыргыз тилин мыкты билген таланттуу балдарды коомчулукка таанытууга, алардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат. 10 мүнөттүк жомоктордун 16 сериясы жана анимациялык тасмалар тартылат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине которуу каралган.
Көмүрдүн баасын мамлекет 90 күнгө чейин карап, көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн эң жогорку баасы кийинчерээк айтылат. Рыноктогу кырдаалга көз салып туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эске салсак, былтыр көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода боюнча өнөктөштүгүн кеңейтүү кыргыз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул маселе Бишкекке иш сапар менен келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепневдин ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Евразия экономикалык биримдигинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды. Мындан тышкары, Слепнев ишкерлерге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. “Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жалпысынан 23 аял каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыйла азайганын тастыктайт”, — деп айтылат маалыматта. Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет. Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.
Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын күчөтүү үчүн кошумча 222,5 миллион сом бөлүнүшү мүмкүн. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Сунушталып жаткан каражат эки жылга бөлүштүрүлөт: 2027-жылы 112,2 миллион, ал эми 2028-жылы 110,2 миллион сом жумшоо каралган. Талап кылынып жаткан каражатка алгач "Битикчи" тиркемеси жасалат. Бул — байыркы кыргыз рун жазуусун заманбап форматта үйрөтүүчү мобилдик тиркеме. Анда кызыктуу оюн машыгуулары, кириллицага которгуч жана рун жазмасы менен кат алышып баарлашуу функциялары болот. "3-10 жаштагы балдар үчүн "Сен мыктысың" теледолбоорун даярдоо пландалууда. Шоу кыргыз тилин мыкты билген таланттуу балдарды коомчулукка таанытууга, алардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат. 10 мүнөттүк жомоктордун 16 сериясы жана анимациялык тасмалар тартылат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине которуу каралган. Көмүрдүн баасын мамлекет 90 күнгө чейин карап, көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн эң жогорку баасы кийинчерээк айтылат. Рыноктогу кырдаалга көз салып туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эске салсак, былтыр көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода боюнча өнөктөштүгүн кеңейтүү кыргыз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул маселе Бишкекке иш сапар менен келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепневдин ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Евразия экономикалык биримдигинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды. Мындан тышкары, Слепнев ишкерлерге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору тууралуу маалымат берди.Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. “Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жалпысынан 23 аял каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыйла азайганын тастыктайт”, — деп айтылат маалыматта. Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет. Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/17/1104460316_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6505ebfded9374d14e591e2c76ee7013.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио